Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

САДДАМ ЖАНА АНЫН КУРАЛЫ


Саддамдын туткундалышы “Ирактын массалык кыргын салуучу куралы барбы?” деген маселени кайрадан жандантты. Согуш баштоонун алдында Вашингтон дал ошол куралдын коркунучун башкы жүйөө катары пайдаланган эле. Айрым эксперттер курал эчак эле жок кылынган болушу керек деп божомолдошот. Экс-диктатордун кармалышы бул суроого айкындык киргизеби?

Ошентип, акырында, АКШ Ирактын массалык кыргын курал программасы согуш баштагыдай ошончолук эле кооптуу беле деген соболго жооп бере ала турган кишини колго түшүрдү.
Бирок Саддам кармалган ишемби күндөн бери бул маселеде кандайдыр бир оң жылыш пайда болду деп айтуу кыйын. Ирактын мурдагы лидери азыркы суракта да анын өкмөтү тыюу салынган куралга эч качан ээ болгон эмес деген жылдар бою кайталап келаткан жообун узатууда.

Америкалык “Тайм” журналынын жазышынча, Ирактын массалык кыргын салуучу курал барбы? деген тергөөчүлөрдүн суроосуна Саддам: ”Албетте, жок. Муну АКШ бизге каршы уруш башташ үчүн ойлоп тапкан”, - деп жооп берген.

Диктатордун кармалышы жана анын Вашингтонго карата жогорудагыдай айыптоолору Ирактын куралы табылабы деген талаштарды жаңы күч менен жандантты.

Британ премьери Тони Блэр дагы жалпы талкуулоого үн катып, Саддам кулатылган апрель айынан бери АКШ жетектеген көзөмөл тобу Иракта массалык кыргын салуучу куралды өнүктүрүү аракеттерин тастыктаган бир топ далилдерди тапканын билдирди. Ошондой далилдер катары Блэр тымызын лабораторияларды жана узун аралыкка учуучу баллистикалык ракеталардын пландарын атады.

Блэрдин оюнча, Ирак - чоң аймакты ээлеген өлкө, ал жерде мыйзамсыз курал жасоо иш-чараларын оңой эле жаап-жашырып койсо болот, ошондуктан курал-жарак издегендердин ишине карата сабырдуулук менен мамиле кылуу абзел:

- Ырасын айтсам, бул иш-чаралар атайын мүдөөгө арналбаса, анда жүзөгө ашырылып келбес эле. Менимче, алар убакыт талап кылат. Бирок мен дагы бир жолу кайталаймын, Саддамдай өкүмдары бар Ирак сыяктуу чоң өлкө өзүнүн кыңыр ишин жашыргысы келсе, албетте, андай ишти жашыруудан оңой нерсе жок.

Ал эми башка бир катар кадыр-барктуу адистер Британ премьеринин мындай оптимисттик турумун бөлүшпөйт. Мисалы, БУУнун мурдагы башкы курал инспектору Ханс Бликс Саддамдын режими 1991-жылкы Перс булуңундагы согуштан кийин эле өлкөдөгү массалык кыргын салуучу куралдардын басымдуу бөлүгүн жок кылып салган болуш керек деген ойдо.

Швециялык басма сөзгө берген маегинде Бликс: “Менимче, Иракта андай курал калган жок. Курал жөнүндө буга чейин айтылып келген доолор жетиштүү түрдө негизделген эмес”, - деди.

Аналитиктер азыркы талаш-тартыш маселеге соңку чекит коюлмайынча улантылаарын белгилешүүдө. Бирок дискуссия айларга, ал тургай жылдарга созулуп кетиши толук ыктымал.

Стокголмдук эксперт Жон Харт Ирак боюнча көзөмөл тобу тарабынан чогултулган көлөмдүү материалдардын бардыгы изилденип чыгыш керек дейт:

- Жыйналган кагаздардын көлөмүн алсак, топтун жетекчиси Дэвид Кэйдин сөзү менен айтканда, аларды тизип койсоңуз бир нече километрге жетет. Аларды карап чыгууга бир топ убакыт талап кылынат.

Ал эми адистер документтерди иликтеп, бир жыйынтык чыгарылгандан киийн, ал бардык тараптарды тең канааттандырабы? Албетте жок. Анткени АКШ баштаган текшерүүчүлөр колдонуудагы куралды табуунун ордуна, Ирактын кыргын салуучу куралдын үстүнөн иштөөгө даремети барбы деген маселеге көбүрөөк басым жасап келатат, - дейт химиялык жана биологиялык курал боюнча адис Харт:

- Ирактын массалык кыргын салуучу курал долбоору бар экени, ал улантылып жатканы ачык көрсөтүлсө гана Багдад БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 687-резолюциясын буздү деп айтууга негиз пайда болот.

Ошентип, талаш дагы көпкө созулчудай. Ар бир тарап өз таламын жактай бермекчи. Вашингтон менен Лондондун чукулунан согуш ачуу аракетин сындагандар алар Багдаддын массалык кыргын салуучу куралы жөнүндөгү маалыматты апыртып-көбүртүп жиберишкен деген айыптоолорун уланта берчүдөй. АКШ менен Британия болсо Саддамдын кыргын куралын жасоо долбоору бар болчу деп, жана анын кошуна мамлекеттерге басып кирүүсүн мисалга келтирип, диктаторду бийликтен кетирүүгө жетиштүү жүйөө бар эле деген турумда кала берээринде да шек жок.

Ал эми Саддам Хусейн өзүчү? Бул маселеге соңку чекит койууга ал эл аралык коомчулукка жардамдашаар бекен?
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG