Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

БОРБОР АЗИЯДА ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛ ОПУРТАЛДУУ


18-декабрда Бишкекте Борбор Азиядагы күтүүсүз кырдаалдардын алдын-алууга даярдык көрүү жана экологиялык коопсуздук» аттуу эл аралык конференция ишин баштады. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун көмөгү менен өтүп жаткан бул конференцияда Борбор Азиядагы тоолуу эки өлкө - Кыргызстан менен Тажикстандагы экологиялык кырдаал жана анын алдын-алуу көйгөйлөрү талкууланууда.

Конференция табияты жана экологиялык көйгөйлөрү окшош Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда экологиялык коопсуздукту чыңдоо багытындагы кызматташууну бекемдөө жана бул багытта бирдиктүү иш алып баруучу регионалдык борбор ачуу максаты менен өткөрүлүп жатат. Конференциянын катышуучулары андан тышкары совет доорунан калган экологиялык көйгөйлөрдү, маселен, уу зат калдыктар көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу үчүн тышкы карызды жоюу зарыл деген маселени козгошту. Ал тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов:

- Бизге тыштан жардам гана эмес, бизди өнүктүрбөй тушап турган тышкы карыздарды жеңилдетүү керек. Бул өтө маанилүү маселе. Ошондуктан, донор мамлекеттер жана эл аралык финансы институттары ушул маселени эске алууга милдеттүү, -деп билдирди.

Кыргыз президентинин тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Асылбек Айдаралиевдин билдирүүсү боюнча, тышкы карыздарды мына ушундай жол менен жоюу толук мүмкүн. Анткени, БУУнун тоолуу аймактар боюнча эл аралык жумушчу тобунун 20-ноябрда Женева шаарында өткөн жыйынында тоолуу жана кедей 10 мамлекетти тандап, алардын тышкы карызын жоюу сунушун эл аралык финансы институттарына жолдоо чечими кабылданды. Ал тизмеге киргизилген 10 мамлекеттин катарында Кыргызстан да бар. Бул тууралуу Асылбек Айдаралиевдин ою:

Ушул маселе боюнча эмдиги жылдын июнь айында Перуда жыйын болот. Ага бардык эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрү катышат. Жыйында бул маселе боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин Париж клубуна жана БУУга кайрылабыз. Менимче, иштесек натыйжасы болот. Мына азыр эле Тажикстандын тышкы карызынын 30 проценти жоюлгандыгын Тажикстандын өкүлдөрү кабарлашты.

Чынында, Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан менен Тажикстанда экологиялык кырдаал оор. Буга алардын бийик тоолуу жаратылышы менен күчтүү агын суулардын көптүгү башкы себеп. Кыргызстандын Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министринин биринчи орун басары Болот Айдаралиевдин айтымында, жер көчкү, жер титирөө, сел каптоо жана жер алдындагы суунун көтөрүлүшү сыяктуу табигый кырсыктар жыл сайын өлкөнү 35 миллион долларлык чыгымга дуушар кылат. Ал табигый кырсыктардын алдын-алууга мамлекеттен бөлүнгөн каражаттан 6 эсе көп. Жылына өлкө боюнча 3 миң 350 катуу жана майда жер титирөөлөр болуп, жер титирөөгө туруштук бере албаган үйлөрдө жашаган калктын жүрөк үшүн алат. Андай турак–жайда Кыргызстандын жалпы калкынын 70 проценти жашайт.

Андан тышкары Кыргызстандын тоолуу аймактарында 2 миң көл болсо, анын 285и жырылып кетүү алдында турат. Алар жээктен чыгып кетсе 300 айылды каптап калышы мүмкүн.

Кыргызстан гана эмес жалпы Борбор Азия үчүн Майлуусуу шаарынын жанындагы уран калдыктары көмүлгөн жайлардын коркунучу абдан күчтүү. Ал жердеги 36 жайдын 13үн жаан суусу жеп кеткен. Адистер жаан жеген жерлерде жер көчкүсү жүрсө, топурак аралашкан уу зат Майлуусуу суусуна түшүп бүт Фергана өрөөнүн аралайт деп жатышат. Анда Өзбекстан, Тажикстандын 4 миллионго жакын калкы чоң алааматка кабылышы мүмкүн.

Ушундай эле ири коркунучту Тажикстандагы Сарез көлү жаратууда. Деңиз деңгээлинен 3 миң 260 метр бийиктикте жайгашкан көлдө азыр 17 миллиард куб метр суу чогулган. Тажикстандын Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Сарез көлүнө байланышкан проблемаларды иликтөө институтунун директору Анвар Абдуллаевдин айтымында:

- Көл өз нугунан чыгып кетсе, Тажикстан гана эмес Ооганстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды да каптап кетиши мүмкүн. Адистерин айтымында, мында эң көп зыянды Ооганстан тартышы мүмкүн, анткени, суунун 80 проценти ушул өлкөнү каптайт. Ушундан улам азыр аймактагы 5 миллион калк коркунуч алдында турат.

Конференциянын катышуучулары ушундай табигый коркунучтардан улам эң ириде эки өлкө аймагындагы экологиялык алаамат алып келүүчү коркунучтуу кандай жагдайлар бар экендигин тактоо керек дешип, аны иликтөөнүн илимий жана турмуштук багыттарын да аныктап алууну алдыга милдет кылып жатышат.
XS
SM
MD
LG