Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТИ КАЛК МЕНЕН БААРЛАШТЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Бүгүн, 18-декабрь күнү, Орусия президенти Владимир Путин жумурият калкы менен сыналгы аркылуу баарлашуу өткөрдү. «Президент катары үчүнчү жолу калк суроолоруна жооп берип жатып, Путин Орусиянын келээрки мамлекет башчысы ким боло тургандыгын да айтып койду», - деп эсептешет айрым жергиликтүү серепчилер.

Орус калкы өз президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү учурунда анын келечектеги саясий ишмердүүлүгү тууралуу суроолорду бере албай койгон жок. «Сиз алдыдагы президенттик шайлоодо талапкер катарында катышасызбы?» деп айтылган суроого Путин төмөнкүчө жооп берди.

- Мен келээрки президенттик шайлоого талапкердигимди койом жана бул тууралуу жакынкы күндөрдө расмий түрдө билдирем.

Президенттин жообу орус саясий чөйрөсүндө жана байкоочулар арасында эч кандай деле таң калууну жараткан жок. «Карнеги» Корунун өкүлү Мария Липмандын оюнда, Путиндин дагы төрт жылга мамлекетти башкаруу ниети негизинен элдин каалоосу менен эмес, а жакында эле тандалган Мамлекеттик Думанын курамы менен байланыштуу:

- Владимир Путин парламенттик шайлоодон мурдараак президенттик шайлоого катышаар-катышпасын так билдирбей, анын чечими Думага кимдер келиши менен түшүндүрүлө тургандыгын айткан эле. Демек, жаңы Дума президентке жагат дешке болот.

Негизи, мамлекет жетекчисинин карапайым калк менен сүйлөшүү ыкмасын Орусия тарыхында биринчи жолу анын учурдагы президенти Владимир Путиндин администрациясы ойлоп чыгарды. Бирок, ошол маектешүүнүн калыбында, байкоочулар айтмакчы, суроолорду кылдат иргеп берүү жана алар менен президентти алдын ала маалымдоо өңдүү көрүнүштөрдүн орун алышы аны кызыксыз да, жасалма оюн катарында да көрсөтөт.

Кантсе да, бул иш-чара журналисттердин суроолоруна түз жооп берилчү маалымат жыйыны (пресс-конференция) эмес, «эл менен түз баарлашуу» деген атты алып жүрөт. Буга далил катарында баарлашуунун дал ошол карапайым калкка тиешелүү, “жерге жакын” жактарын да көрсөтүү абзелдир. Айтсак, жети жашар байоо кыздын өлкө президентине: «Улуулардын сөзүн дайыма эле угуу лаазымбы же жокпу?» деген өңдүү суроосунун берилиши аларга жалпы элге жакчу жагымдуу маанайды бергендей.

Тышкы саясатка тиешелүү суроолордун ичинде көңүлдү бурган президенттин Ирактагы абалга карата берген жообу АКШ жүргүзүп жаткан саясатка Орусиянын мамилесин аныктагандай туюлду. Путиндин айтымында, Орусия Иракта согуш башталганга чейин карманган позициясынан тайган жок. Ал дале болсо проблеманын Бириккен Улуттар Уюму тарабынан чечилишин колдойт. Ал эми АКШнын аракеттерин президент мындайча түшүнөт:

- Адамзат тарыхында ири мамлекеттер менен дөөлөттөрдү (империяларды) көп учурларда алардагы өзүмчүлдүк, улуулук жана күнөөкөрсүздүк сезими алдап эле калбастан, аларды кыйын абалдарга салып, ийгиликтүү иштерине кедерги болуп келген. АКШ мындай абалда калбайт ко деп үмүттөнөм.

Ал эми Орусия Федерациясынын курамына кошулуу ниетин билдиришкен Грузиянын автономиялуу республикаларына карата жооп расмий Грузиянын аракеттерине жараша болот, - дейт Владимир Путин:

- Биз Грузиянын аймактык биримдигин колдойбуз жана Абхазия, Түштүк Осетия проблемалары чечилет деп ишенебиз. Бирок, аларды чечүүдө аталган аймактарда жашаган элдин кызыкчылыгы унутулуп калбашы зарыл.

Ошентип, Орусияда келээрки жылдын 14-мартында өтүүчү президенттик шайлоо өнөктүгүнүн босогосунда өлкөнүн учурдагы президенти Владимир Путин жумурият калкы менен маегин өткөрүүгө үлгүрдү. Сүйлөшүү учурунда, адаттагыдай эле, ички-тышкы саясат, миграция, бизнес жана элдин жашоо деңгээлинин айланасында суроолор арбын айтылды.

Путин миграция проблемасына кайрылуу менен, өлкөгө жумуш күчүн тартууда эң алгач Шериктештиктеги көз карандысыз мамлекеттердин атуулдарына басым жасала тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, Орусиядагы миграция тууралуу мыйзам өтө эле орой экендигин көрсөттү. Андыктан, жакынкы мезгилдерде миграция саясаты боюнча жаңы мыйзам кабыл алынышы мүмкүн.

Ал эми жакында өткөн парламенттик шайлоодо Мамлекеттик думага оңчул партиялардын өтпөй калышын Путин шайлоо өнөктүгүндө кетирилген стратегиялык катачылыктар менен байланыштырат. Анткен менен жеңилип калышкан оңчул партиялардын потенциалы жерде калбай, алар жумурияттын саясий сахнасында калуулары керектигин да орус мамлекет башчысы дагы бир жолу белгиледи.
XS
SM
MD
LG