Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Британияда маркум канайым Диананын өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери жүргүзүлмөй болду


Бул – 1997-жылы Парижде автокырсыктан көз жумган канайым Диананын өлүмү боюнча Лондондо башталчу алгачкы иликтөө. Буга чейин франциялык тергөөчүлөр ишти иликтеп, кырсык - Диананын айдоочусу мас абалда машинени өтө чоң ылдамдыкта айдап бараткандыктан орун алган деген бүтүмгө келишкен. Бирок машинеде Диана менен бараткан Доди ал-Файеддин атасы Шотландиянын сотуна бул ишке Британиянын коопсуздук кызматтары аралашкан деген арыз менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG