Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Литвада президент Паксаска каршы импичмент жарыялоо боюнча талкуу башталды


Ал тууралуу декларацияга 86 депутат кол койгон. Импичмент жаңжалы Литванын президенти убагында орусиялык мафия менен мамиле-катышта болгону тууралуу айыптоолордон улам от алган. Депутаттык иликтөө Роландас Паксастын президенттик шайлоо компаниясына орусиялык бизнесмен Юрий Борисов 400 миң доллар кошконун аныктаган. Литванын президентин кызматынан кетириш үчүн импичмент тууралуу мыйзамды 85 депутат колдоп бергени жетиштүү. Анда президенттин кызматын парламенттин төрагасы убактылуу аткарып, 60 күн ичинде жаңы шайлоо өтүшү керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG