Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Миграциялык баракча киргизүү демилгеси жанданды


БИШКЕК. Быйылкы 9 айда туризм тармагы алып келген киреше ички дүң продукциянын 3,2% түздү. Бул тууралуу Туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Статистикалык комитеттин билдиргенине караганда өткөн 9 айында Кыргызстанга 325 миң чет өлкөлүк келген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп. Ысыккөл облусунда 275574 турист эс алган. Чет өлкөлүктөрдөн түшкөн киреше 27 млн. доллардан ашкан. Маалымат жыйынында Өкмөтбек Алмакүчүков туризм тармагын өнүктүрүү максатында чет өлкөлүктөр үчүн миграциялык баракча киргизүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги менен бажы тармагындагы эки ача маалымат ушул тартипти киргизүү зарылчылыгын алып келүүдө. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанга быйыл чет өлкөлүк 825 миң атуул келген, Бажы тармагынын маалыматы боюнча болсо алардын саны 2 млн. 938 миң.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG