Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Өзбекстан газ берүүнү токтотушу ыктымал


БИШКЕК. Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газын берүүнү январь айында токтотушу ыктымал. Анткени «Узтрансгаз» ушуга чейин 2004-жылда газ берүү тууралуу эки тараптуу келишимге кол койбой жатат. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына Мыйзам чыгаруу жыйынынын Отун-энергетика комитетинин башчысы Тайырбек Сарпашев маалымдады. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан жаратылыш газы үчүн акынын жарымын акчалай, жарымын товар түрүндө төлөп келген. Быйыл болсо Өзбекстан газ үчүн акыны толугу менен акчалай төлөөнү талап кылууда. Мындан сырткары учурда Кыргызстан жаратылыш газы үчүн Өзбекстанга 10 млн. доллардан ашык карыз. «Кыргыз өкмөтү мындай карызды 1-январга чейин төлөп берээри күмөн» деп кошумчалады Тайырбек Сарпашев. Ал эми «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Кубанычбек Жусуповдун айтымында, учурда ишкана жетекчиси Автандил Сыдыков өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында Ташкенде жүрөт. Андан кандай жыйынтык чыгаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG