Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Айыл өкмөт башчылары күч менен кызматтан алынууда


БИШКЕК. Айыл өкмөт башчыларына шайлоолор өткөн 2001-жылдын декабрынын бери өлкө боюнча 37 айыл өкмөт башчысы ар кандай себептер менен кызматтан бошотулган. Анын ичинде Чүй облусунда 13, Ысыккөлдө 7, Ош облусунда 4, Жалалабадда 4, Нарында 3 айыл өкмөт башчысы кызматтан алынган. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү аткаруу бийлигинин кысымына туш болгон. Мындай көрүнүш «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жер-жерлердеги өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө аныкталды. Буга байланыштуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы жакынкы күндөрдө президент Аскар Акаевге, өкмөт башчысы Николай Танаевге кайрылуу жолдомокчу. Бул тууралуу бейшемби күнү «Азаттыктын» кабарчысына аталган уюмдун өкүлү Нарынбек Жапаров билдирди.

XS
SM
MD
LG