Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Эл өкүлдөр жыйыны Т.Акматалиевдин министр болушун колдоду


БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары президенттин жарлыгы менен жакында Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган Темирбек Акматалиевдин талапкердигин колдошту. Добуш берүүгө 40 депутат катышып, 39 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.
Өткөн аптада Жалалабад облусунун Аксы районунун тургундары Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарына кайрылуу жолдошуп, Темирбек Акматалиевдин талапкердигин колдобоону өтүнүшкөн. Алардын пикири боюнча мамлекет башчысы Аскар Акаев Аксы окуясына күнөөлүү Темирбек Акматалиев, Чубак Абышкаев, Аманбек Карыпкулов, Калмурат Садиевди жазалабай, тескерисинче, жогорку кызматтарга дайындоодо. Ал эми аткаруу бийлигинин өкүлдөрү болсо Аксы окуясында күнөөлүүлөр толук жазасын алгандыгын айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG