Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Конституциялык сот А.Бекназаровдун арызын кароону кийинкиге жылдырды


БИШКЕК. Бүгүн Конституциялык сот Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун арызын кароо боюнча алгачкы жыйынын өткөрдү. Азимбек Бекназаров мамлекет башчысы Аскар Акаевдин 1999-жылдын 23-сентябрындагы «Кыргыз республикасындагы паспорт системасын өркүндөтүүнүн иш-чаралары жөнүндө» жарлыгын жокко чыгарууну соттон талап кылууда. Аталган жарлыкта «эгерде Кыргызстандын атуулу өзүнүн туруктуу жашаган жеринен өлкөнүн экинчи бир жерине алты айлык мөөнөттөн кем эмес убакытка барса, жашаган жеринен каттоодон чыкпай туруп, келген жеринде каттоодон өтүүгө милдеттүү» деп жазылган. А.Бекназаровдун пикири боюнча, мындай норма өлкөнүн Башмыйзамына каршы келет. Айта кетүү керек, 2002-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жарлыкка таянып, Аксы жана Каракулжадан борборго саясий талаптар менен келген демонстранттарды депортациялаган болчу.
Бүгүн өлкөнүн Конституциялык соту президент Аскар Акаевдин өкүлү сот жараянына келген жок деп, сот ишин 2004-жылдын январь айына жылдырды.

XS
SM
MD
LG