Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Бириккен Улуттардын баш катчысынын айтымында, Ооганстандагы абал татаал


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан кечээ күнү билдирүү жасап, өзүнүн Ооганстан боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахимини колдоду. Брахиминин айтымында, эгер Ооганстанда жетиштүү коопсуздук чаралары көрүлбөсө, Бириккен Улуттар өз кызматкерлерин өлкөдөн чыгарып кетиши мүмкүн. Аннандын пикиринде, Ооганстан үчүн коопсуздук маселеси азыр абдан орчундуу: "Ал абдан орчундуу маселе тууралуу аян берген. Эгер биз коопсуздук маселесин чече албасак, Ооганстанды биз жоготуп жиберишибиз да мүмкүн." Азыр Кабул шаарындагы коопсуздукту НАТО аскерлери камсыз кылат жана алар өлкөнүн башка аймактарын дагы көзөмөлгө алууга тийиш, бирок ал максатка жетүү үчүн, башка өлкөлөр азырынча Ооганстанга өз аскерлерин жиберүүгө макул боло элек.

XS
SM
MD
LG