Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Америкалык эки шаардын соту өкмөткө каршы чечим кабыл алды


АКШнын Нью-Йорк жана Сан-Франциско шаарларынын соттору кечээ күнү өкмөткө каршы эки чечим кабыл алды. Нью-Йорк сотунун айтымында, 2002-жылы кармалган АКШ жараны Хосе Падилла 30 күндүн ичинде бошотулууга тийиш, анткени аны аскерий кылмышкер деп камакка алууга жетиштүү негиз болгон эмес. Сан-Франциско сотунун айтымында болсо, Кубанын Гуантанамо аралында кармалган туткундарга АКШ мыйзамдары боюнча адвокаттар берилүүгө тийиш. Аралда көптөн бери 660 туткун эч сотсуз кармалууда. Президент Жорж Буштун басма сөз катчысы Скотт Маклелландын айтымында, алар чет өлкөлөрдө камакка алынып, азыр АКШ аймагынан тышкары кармалгандыктан, эч кандай америкалык мыйзам бузулган эмес.

XS
SM
MD
LG