Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

«ФРИИДОМ ХАУЗДУН» ЖАҢЫ БАЯНДАМАСЫ


Өтүп бараткан жылы дүйнөдө демократия менен адам укуктарынын абалы негизинен жакшырды. Мындай тыянак АКШнын “Фриидом Хау” аттуу өкмөттүк эмес укук коргоочу тобунун жылдык докладында айтылат. Кыргызстан, аталган баяндамага ылайык, быйыл да эркин эмес мамлекеттердин катарына киргизилген.

“Фриидом Хауздун” иликтөөсүндө 2003-жылы дүйнөнүн 25 өлкөсүндө демократиялык өнүгүүгө карай олуттуу илгерилөө, ал эми 13 мамлекетте, тескерисинче, артка чегинүү байкалганы айтылат. Баяндамага ылайык, ушу тапта 88 өлкөнүн эли эркин мамлекеттерде жашайт. Бул дүйнө калкынын жалпы санынын 46 пайызын түзөт. Он жыл илгери бул көрсөткүч 38 пайызды түзчү, ал эми кансыз согуштун доорунда, 1983-жылы – андан кыйла аз болуп, 32 пайызга түшкөн.

Уюм дүйнөнүн 200дөй мамлекетин БУУ кабыл алган “Адам укуктары жөнүндөгү Жалпы декларациянын” критерийлерине ылайык эркин, жарым-жартылай эркин жана эркин эмес деп бир нече топко бөлгөн.
Бул жылы Боливия, Папуа-Жаңы Гвинея, Азербайжан, Борборафрикалык жумурият жана Мавритания демократиянын эл аралык стандарттарын урматтабаган өлкөлөр катары көрсөтүлдү. Аталган өлкөлөрдүн рейтинги эң төмөнкү топко түшүп кеткен. Мурун Азербайжан чала-чарпыт эркин улуттарга кошулуп келсе, быйыл оппозициядагы партияларга каршы куугунтуктоо жана президенттик шайлоо өнөктүгү маалындагы мыйзам бузуулар үчүн бул кавказдык өлкө эркин эместердин катарына кирип калды.

“Фриидом Хауздун” башкы аналитиги, быйылкы докладдын авторлорунун бири Адриан Каратницки Азербайжандагы абалды мындайча сыпаттайт:

- Легитимдүү түрдө өзүнө бийликти камсыз кыла албаган жетекчилик өзүн ыңгайсыз сезип, ого бетер жазалоочу нукка ыктаганын көрсө болот. Ушул жактан алганда, Алиевдин уулу Илхамды либералдаштыруунун ишаарасы катары санай албайбыз. Менимче, ал азыр өз позициясы бекем деп эсептебейт. Бийликти чыңдоонун бир жолу катары президент оппозицияга кысымды күчөтүү жолун тандап алып жаткандай. Ал өзүнүн эбегейсиз таасирин көрсөтүп, керек болсо күч колдонуу аркылуу Азербайжандын коопсуздук органдарынын жана оллигархиялык элитанын колдоосуна ээ болгусу келет.

Америкалык уюм мусулман өлкөлөрүндө, өзгөчө араб дүйнөсүндө адам эркиндиктери дээрлик сакталбаганын баса белгилейт. Анын ырастоосунда, мусулмандар көпчүлүктү түзгөн мамлекеттер арасынан Мали менен Сенегал гана эркин өлкөлөрдүн тизмесине кирет. 28и – эркин эмес улуттар. Ошол эле мезгилде дүйнөнүн 1 жарым миллиарддай мусулмандарынын жарымы демократиялык шайланган өкмөттөр астында жашайт. Мунун себептери ар кандай жана өтө татаал. Бирок, былтыркы докладда айтылгандай эле, бул көрүнүш ислам менен демократия бири бирине сыйбайт дегенди билдирбейт.

“Фриидом Хауздун” жаңы баяндамасында Россия 2002-жылкыдай эле анча эркин эмес деп таанылды. Ошону менен бирге уюмдун басма сөз өкүлү Майкл Голдфарбдын белгилешинче, акыркы мезгилде Москва көз карандысыз басма сөз менен ишкерлерге карата кысымын күчөттү:


- Президент Путиндин авторитардык ыкмалары күчөгөнүнө күбө болуп атабыз. Маалымат каражаттарынын эркиндиктери менен атуулдук укуктардын чектелиши акыры барып демократиялык процесстер менен жалпы прогресске кедергисин тийгизүүдө.

Докладда Балтика боюндагы мамлекеттерден тышкары мурдагы СССРдин дээрлик бардык эле жумурияттарындагы абал анча дурус эместиги белгиленет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн бешөө тең эркин эмес катары бааланган.

Аналитик Адриан Каратницкиге кайрадан сөз берсек:

- Терроризмге каршы глобалдык согуш башталгандан бери адам укуктарынын абалы начарлаган жок. Согуш, албетте, атуулдук эркиндиктерге таасир этти, бирок ошол эле мезгилде оң жылыштар да байкалды. Биз Борбор Азия жөнүндө эмес, глобалдык өнүгүүлөр жөнүндө сөз кылып жатабыз. Өзбекстанда мурун мыйзамсыз деп таанылган эки партия - ЭРК жана Бирлик кайра мыйзамдаштырылат дешке кенедей болсо да бир үмүт пайда болууда. Муну менен бирге, Өзбекстанда бейөкмөттүк уюмдардын активисттеринин үстүнөн болгон көзөмөл күчөтүлдү.

Евробиримдикке кошулууга үмөттүнүп жүргөн Болгария, Чехия, Словакия, Венгрия, Польша, Латвия жана Литва эң либерал мамлекеттердин катарында саналган.

“Фриидом Хауздун” жылдык баяндамасын уюмдун интернет баракчасынан таап окуса болот.

XS
SM
MD
LG