Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮГӨ НИЕТТЕНИП ЖАТАТ


Жакында Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы күрөш боюнча конвенциясына кол койду. Өлкөнүн бийлик өкүлдөрү буга чейин эле коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлүп келатканын, эми БУУнун конвенциясынан кийин андай иштер жандана тургандыгын билдиришсе, айрым саясатчылар «өлкө жетекчилиги буга чейин деле коррупцияга каршы жакшы күрөшкөн эмес, эми деле абал оңолуп кетпейт» дешүүдө.

Бириккен улуттар уюмуна мүчө 120 мамлекеттин өкүлдөрү өткөн аптада Мексиканын Мерида шаарына чогулуп, Саясий конференция өткөрүштү. Анын жүрүшүндө бир катар мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан да БУУнун коррупцияга каршы күрөш конвенциясына кол койду. Кыргызстандын атынан АКШ менен Канададагы элчи Бактыбек Абдрисаев мырза документке мөөрүн басты.
Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев буга чейин эле коррупцияга каршы күрөш боюнча бир катар иштер жасалганын, мындан ары да өлкө жетекчилиги бул багыттагы ишти күчөтүүгө ниеттенип жатканын айтты.
- Кыргызстан бул конвенцияга кол коюуга куру кол келген жок, - дейт Абдил Сегизбаев. - Президент Аскар Акаевдин, өкмөттүн демилгеси менен Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, иштей баштады. Коррупцияга каршы программа кабыл алынды. Эми биздин алдыбызда бир катар мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү милдети турат. Коррупцияга каршы күрөшкө коомчулукту, бейөкмөт уюмдарды жана журналисттерди тартып жатабыз.

Быйыл 8-апрелде президент Аскар Акаев коррупцияга каршы күрөшүү үчүн «Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш» түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Улуттук кеңешти өкмөт башчысы Николай Танаев жетектейт. Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, өлкөдө коррупцияга каршы күрөштү жандандыруу максатында Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин курамына эларалык уюмдардын өкүлдөрүн да кошуу тууралуу чечим кабыл алынган:

- Коррупцияга каршы күрөштү өкмөттүн күчү менен жүргүзүүнү туура көргөн жокпуз. Анткени, бул процессте өкмөттүн өзүнүн ишин каралат. Ошондуктан биз донорлорду «бизге жакшы жол көрсөткүлө» деп улутук кеңешке кошуп жатабыз.
Transparency International эларалык уюмунун 2003-жылдагы изилдөөсүна ылайык, Кыргызстан дүйнөдө коррупциянын деңгээли боюнча 118-орунда - Ливия жана Папуа жаңы Гвинея мамлекеттери менен бир катарда турат. Коомдук пикирди иликтөө жана болжолдоо борбору «Кыргызстандагы коррупция» деген темада атайын иликтөө жүргүзүп, 2100 адамдын пикирлерин сурамжылаган. Иликтөөгө тартылгандардын дээрлик көпчүлүгү коррупция Кыргызстандагы эң биринчи көйгөй экенин айтышкан. Алардын пикири боюнча, коррупция – бул пара берүү, кызматка, окууга акча берип, өң-тааныш салып кирүү. Бизнесмендердин мамлекеттик кызматкерлерге белек-бечкек жана акча берип турушу да Кыргызстандагы коррупциянын негизги белгилеринин бири.
Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде атайын «коррупция» беренеси болгону менен, 1999-жылдан бери бул берене боюнча бир гана кылмыш иши козголгон. Бирок, өлкөнүн сот тарыхында коррупция боюнча жаза алган атуул боло элек. Ошондон улам, «Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун конвенциясына кол койду» деген кабарды уккан биздин көзкарандысыз маектештерибиз бийликтин мындан ары деле коррупцияга каршы чындап күрөшөөрүнө ишенбей тургандыгын айтышты. Алардын бири - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Укук, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш маселелери комитетинин төрагасы, депутат Алымбай Султанов:
- «Коррупцияга каршы күрөш тууралуу атайын мыйзам жок» дешкенинен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары аны эске алып, быйыл 30-январда «Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө» деген мыйзам кабыл алып бергенбиз. Бирок, ошондон кийин да бир да адам бул мыйзам боюнча жазаланган жок да. Ошол кылмыш кылган адамга иш козгоюн деген тартип сакчыларына жогоруда отургандар «Жигит, тынч отур, колуңдан келген ишти жаса!» дешет.
«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилованын айтымында, өлкөдө коррупцияны жоюш үчүн бийлик элге жакын болушу керек. Канчалык мамлекеттик кызматкерлердин жасаган иштери жана кабыл алган чечимдери калктын көз-кырынан чыкпай, жаап-жашырылбай турса, коррупцияга каршы күрөш ошончолук жакшы натыйжаларды берет.

- Кыргыз бийлиги клан саясатын жүргүзүп атат, - деди Төлөкан Исмаилова. - Өзгөчө, аткаруу бийлигинде коррупция көп. Анткени, акча бергендер кызматтарда отурат. Кыргызстанда эгемен сот жок. Эгер биз – атуулдар ушундай саясатты эле кабыл алып, ага макул болуп отура берсек, Кыргызстандын келечеги караңгы болуп калат.

XS
SM
MD
LG