Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

БРИТАНИЯНЫ БАГЫНДЫРГАН ГРУЗИЯЛЫК ЫРЧЫ КЫЗ


Kети Мелуа Грузиянын Батуми шаарында туулган. Кичинекейинде ата-энеси менен Британияга көчүп кеткен. Бүгүн ырчы жана акын кыздын бир ыры Британияда эң популярдуу 20 ырдын катарына кирип, ал эми алгачкы ырлар жыйнагы "алтын" альбом болуп калды.

Мындан бир жыл мурда Британиялык коллеждердин биринде окуган Кети Мелуа бүгүнкүдөй атакка жетем деп уктаса түшүнө кирген эмес. Бүгүн анын алгачкы ыры "Closest Thing to Crazy" же "Акыл адашканда" деген чыгармасы Британияда 20 хит-синглдин катарына кирди. Ал эми "Call off the Search" же "Издөө токтотулсун" деген тунгуч альбомунун 100 миңден ашыгы сатылып, "алтын дискке" айланды.

Мелуанын үнүн жаш жана коңур үндүү, бир нече "Грэми" сыйлыгын алган америкалык ырчы Нора Жоунска салыштырып, "поп-музыкага жаңы сүртүм" берген ырчы деп макташууда. 19 жаштагы кыз үчүн бул - чоң ийгилик. Бирок Мелуа Британиянын учурдагы жаш ырчыларынан дагы бир сапаты, тактап айтканда, түбү Грузиядан болгону менен айырмаланат. Ал Түндүк Ирландияга дарыгер атасы менен сегиз жашында көчүп келген:

- Грузиядан Белфастка келип, жашоого көнүш жеңил болгон жок. Биринчи жолу Батыштын жашоосун көрдүм. Бирок мен кичинекей элем, жаш балдар жаңы турмушка тез көнөт эмеспи. Албетте, Грузияда калган чоң-ата, чоң-энелеримди, досторумду сагынчумун, бирок Белфастты да жакшы көрүп, көнүп кеттим.

Түндүк Ирландияда ал кезде католиктер менен протестанттардын кандуу таймашы басыла элек болчу. Кети жаңы жерге тез көнгөнү менен, айланасындагы коогалаңды өзүнө жакын кабылдап, "Белфаст" деген ыр чыгарган.

Кийин Мелуа ата-энеси менен Англияга көчүп келди. Бир күнү британиялык белгилүү продюсер Майк Батт ал окуган коллежге келип калды:

- Майк Батт коллежге келгенде, менин ырдаганымды угуп жактырып калыптыр. Менден альбом чыгарууну каалайсыңбы деп сурады. Мен "Албетте, каалайм!" деп жооп бердим. Ошондон тартып чогуу иштей баштадык.

"Издөөнү токтотуу" альбому ноябрь айында жарык көрөөрү менен, британ радиосу аны кайта-кайта ойното баштады. Бүгүнгө чейин бул альбомдун же компакт-дискке жаздырылган ырлар жыйнагынын 100 миңден ашык көчүрмөсү сатылды.

- Укмуш эле болду. Төбөм көккө жетти. Азыр мен көз карандысыз компания менен иштейм, демек миллиондогон фунт стерлингди талап кылган маркетинг кампаниясы жүргүзүлгөн жок. Ошондуктан, ырларымды элдин жактырып жатканы мен үчүн өтө кубанычтуу.

Кетини тарыхый мекенинде урук-туугандары, досторунан башкалар көп билише элек. Ал Грузияда жылыга жайында барып, анда болуп жаткан окуяларга сыртынан назар салып турат. Өткөн айда президент Шеварднадзенин бийликтен ыр-чырсыз кеткенине кубанды. Чыгармачылыгын өркүндөтүп, эми Американы багындыргысы келет, бирок бул жеңил болбой турганын жакшы түшүнөт:

- Америка – эң чоң музыка базары эмеспи. Азырынча Европа, Азия, Австралияны ойлоп жатам, Америкага ошондой кийин барышыбыз мүмкүн. Бирок ага чейин дагы көп бар. Бүгүнчө, Британияны кыдырып, Британияда дагы таанылсам деп пландап жатам.

Кетинин алгачкы ырлар жыйнагына анын грузин ырлары кирбей калды. Бирок эне тилиндеги бир чыгармасы кийинки альбомдо чыгып калышы мүмкүн дейт Кети Мелуа.
XS
SM
MD
LG