Өлкөнүн башкы прокуратурасы экс-премьер Аннели Яттенмаки президенттин мурдагы кеңешчисин мамлекеттик жашыруун сырлар жөнүндөгү мыйзамды бузганга шыкактаган деп эсептейт. Яттенмаки шайлоо кампаниясы маалында жасалган бурмалоолорго байланыштуу быйыл июнда тутанган жаңжалдан улам бийликтен кеткен эле. Бүгүнкү айыптоого жооп кылып, экс-премьер азыркы өкмөт башчысы Пааво Липонненди Ирактагы согушту колдоп, өлкөнүн бейтарап статусун бузду деп айыптады.