Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Россияда парламенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыктары жарыяланды


Борбордук шайлоо комиссиясы ырастагандай, добуш берүүгө эрезеге толгон калктын 55,7 проценти катышты. Алардын 37,5 проценти - “Единая Россия” партиясын, 12,5 проценти - коммунисттерди, 11 процентке чукулу ЛДПРди колдоп добуш беришкен. ”Родина” блогу шайлоочулардын тогуз процент добушуна ээ болгон. Бир мандаттуу үч округда кайра шайлоо өткөрүлөт. Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын ырастаган протоколго шайлоокомдун бардык он беш мүчөсү кол койду, бирок коммунисттердин өкүлү Евгений Колюшин жарыя кылынган цифраларга кадиги бар экенин билдирди. Компартия бир катар округдардагы добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG