БИШКЕК. Бүгүн Москвада Шериктеш мамлекеттердин экономикалык кеңешинин 18-отуруму ишин баштады. Анда экономикалык карым-катыштагы тоскоолдуктарды жоюу, эркин соода аймактарын түзүү, соода-экономикалык кызматташтык боюнча эл аралык комиссия жөнүндөгү жобонун долбоору өңдүү маселелер талкууланды. Шериктеш өлкөлөрдүн экономикалык кеңешинин 18-отурумуна кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев төрагалык кылууда.