Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүүгө арналган жыйын өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Бийликти элге жакындаштыруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү» деп аталган жыйын болду. Ага мамлекет башчы Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана өлкөнүн аймактарынан келишкен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө жергиликтүү бийликтин өнүгүшүнө шарт түзүү үчүн аларга каражат жагынан жардам берүү зарыл деп белгиледи. Бул маселени чет элдик каржы уюмдарынын көмөгү менен да чечсе болот. Жыйында сөз сүйлөгөн жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү ар кандай текшерүүлөрдөн жапа чегишээрин билдиришти. Ал эми бейшемби күнү «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы айыл өкмөт башчыларына шайлоолор өткөн 2001-жылдын декабрынан бери өлкө боюнча 37 айыл өкмөт башчысы ар кандай себептер менен кызматтан алынгандыгын маалымдаган. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү аткаруу бийлигинин кысымынын негизинде кызматтан четтетилгендиги айтылган.

XS
SM
MD
LG