Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

АКЫЙКАТЧЫНЫН АЛДЫНДА КООМДУК КЕҢЕШ ТҮЗҮЛДҮ


Кыргызстандын Акыйкатчысынын алдында Коомдук кеңеш түзүлүп, жума күнү анын алгачкы жыйыны өттү.

Кыргызстандын Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн коомдук кеңештин жума күнү болгон алгачкы жыйынынын кароосуна коомдук кеңеш тууралуу жобонун долбоору коюлду. Долбоор менен таанышып чыккан кеңеш мүчөлөрү аны кабыл алышкан жок. Жыйында айтылган пикирлерге караганда, долбоордо улуттук менталитет менен жергиликтүү өзгөчөлүктөр эске алынган эмес. Орусия баштаган өлкөлөрдөн көчүрүлүп даярдалып калган. Ушундан улам кеңештин жыйынына келген коомдук ишмерлер, бейөкмөт жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жети кишиден турган жумушчу топ түзүп, ага бир аптанын ичинде кеңештин жобосун иштеп чыгууну тапшырышты.

Акыйкатчынын алдында коомдук кеңеш түзүүнү укук коргоочулар мындан 8 ай мурда сунуш кылышкан. Акыйкатчы сунушту жөндүү көрүп, коомдук ишмерлер, ар кыл тармактын мыкты адистеринен турган коомдук кеңеш түзгөн.

- Албетте, Кыргызстанда Акыйкатчы бирөө гана болуш керек, - дейт Турсунбай Бакир уулу, - Бирок, Акыйкатчы катары бардык маселени чече алам деш аша чапкандык жана мактангандык болот. Анын баары колумдан келбейт. Мен да Кудай жараткан бир пендемин. Ошон үчүн мен өзүмдүн тажрыйбам, акыл-эсим жетпеген же кызматкерлерим менен бир чечимге келе албаган орчундуу маселелерди кеңеш берүүчү эксперттик коомдук кеңештин мүчөлөрү менен талкуулап туруп, бир чечимге келүүнү максат кылып жатам. Мен алардын пикирин уккандан кийин гана орток чечимге келип, аны Акыйкатчынын чечими катары жарыя кылам. Экинчи бир себеп - менин мамлекет менен коомдун ортосундагы ортомчулук милдетимди аткарууга көмөкчү болот. Коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү элдин өкүлү болушса, мен алар менен мамлекеттик бийликтин ортосун байланыштыруучу көпүрө болом. Эки тарап тил табышып турса мамлекетибизде тынчтык, коомдо бейпилдик болот. Биздин негизги максатыбыз ушул.

Ал эми коомдук кеңеш канча адамдан турары жана ага кайсы тармактардын өкүлдөрү тартылаары азырынча тактала элек. Ал маселе жобо иштелип чыккандан кийин Акыйкатчынын макулдугу менен чечиле турган болду.

Жыйында «кеңештин мүчөлөрү коомдук башталышта маянасыз иштеген, Акыйкатчыга кеңеш бере турган уюм болобу же Акыйкатчыга түшкөн арыздарды иликтөөчү эксперттик топ болобу» деген суроо талаш жаратты. Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, ал - кеңеш бере турган коомдук уюм гана болуш керек.

Эксперттик топ деп атоонун эч кандай зарылдыгы жок, - дейт Турсунбек Акун. - Анткени, ал кеңеш берүүчү гана коомдук кеңеш болот. Ал эми экпертиза кылыш үчүн коомдук кеңеш түрдүү тармактын адистерин жалдап иштете алат. Эксперттик деп атай турган болсок, анда кеңеш ар кандай тармактын адистеринен гана түзүлүшү керек. Мисалы, криминалисттер.

Ал эми кеңешке мүчөлүккө тартылып жаткан коомдук ишмер жана жазуучу Мар Байжиев «Акыйкатчы эң ириде ар кандай тармак боюнча адистик кеңешке жана адистик иликтөөгө муктаж, ошондуктан коомдук кеңеш эксперттик топ катары кызмат кылууга милдеттүү» деген пикирде.

Маселени көрмөйүнчө, билмейинче жана изилдемейинче жөн эле «анткиле, минткиле» деп кеңеш бере бермек белек? - деди Мар Байжиев.- Менин колума адистигиме тиешелүү маселе тийсе, аны мен казып иликтейм. Мыйзам жүзүндө кандай чечилет деген маселелердин баарын тескеп, мыйзамдуулугун тактап экспертизадан өткөрөм да. Бул экспертиза болот. Анан катардагы аксакал катары эле «жакшы бала көрүнөт, жөн эле койгула» деп айтып коюш жарайбы? Экспертиза кылмайынча кантип кеңеш беребиз? Маселенин жерине жеткире иликтеп туруп, анан калыс кеңешибизди айтышыбыз керек.
XS
SM
MD
LG