Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

ОРУСИЯ БАСМА СӨЗҮНДӨГҮ НЕГИЗГИ ТЕМА ПУТИНГЕ БАЙЛАНЫШТУУ БОЛДУ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Өтүп бараткан апта ичинде Орусия саясий турмушундагы маанилүү окуялардын ичинде президент Владимир Путиндин өлкө калкы менен болгон баарлашуусу өзгөчө сөзгө алынды.

Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин менен жумурият калкынын баарлашуусу дээрлик баардык гезиттерден орун алды. Бул иш-чара орус саясий аң-сезиминде өзгөчө мааниге ээ. «Элдин пикирин угуп, суроолоруна жооп берүү» милдетин өз ишмердүүлүгүнүн ачык күзгүсү өңдүү атрибут катарында ойлоп тапкан учурдагы президент, байкоочулардын айтымдарында, бул иши менен элге канчалык жакын экендигин да көрсөтүүгө умтулат.

«Президент менен баарлашууга Канттагы орусиялык авиабазанын аскерлери да катышып, аларды кызыктырган аскерий реформа, эларалык саясат темаларында суроолорун беришти», - деп баарлашуудагы аскерий тема боюнча сөздү козгоду «Российская газета» . Гезит баштаган проблема андан ары «Красная звезда» басылмасынан орун таап, анда Путиндин терроризмге, анын ичинде Чеченстан проблемасына карата айткан пикири келтирилет.

- Терроризм тууралуу сөз айтылса эле, биз көп учурда чечен проблемасына кайрыла беребиз. Бүгүн маселенин татаалдыгы жалаң гана Чеченстан менен чектелип калган жок. Маселенин түпкү тамырына көз жүгүртсөк, жер бетинде өздөрүн ислам дүйнөсүнө жана шарият мыйзамдарын кармануучу адамдардын маанайына таасир көрсөтүүгө укуктуу деп эсептешкен адамдар бар, - деп Владимир Путин ал адамдарды эл-аралык террористтер деп тааный тургандыгын айтат жана өз өлкөсүнүн атуулдарын аларга каршы турууга чакырат», - деп жазды «Красная звезда» гезити.

«Ушул жуманын бейшембисинде АКШ президентинин атайын өкүлү Жеймс Бейкер жана орус президенти Владимир Путиндин ортосунда Ирактын Орусияга болгон карызы тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү» деп кабарлады «РИА-Новости» маалымат агенттиги. Маалым болгондой, сүйлөшүү учурунда орусиялык тарап Ирактын ага болгон 8 млрд. доллардык карызын Париж клубунун алкагында жөнгө салууга даяр экендигин билдирген. «Время новостей» басылмасынын жазышынча, мунун мааниси Москва өз позициясын Ирактагы орусиялык компаниялардын кызыкчылыгынын чегинде аныктайт дегенди түшүндүрөт.

Ал эми ишемби күнү «Интерфакс» маалымдагандай, Вашингтондо Ж.Бейкердин Европадагы бир катар мамлекеттерге жана Орусияга болгон сапарын ийгиликтүү өттү деп баалашууда. Ирактын тышкы карызы 120млрд.долларды түзүп, анын негизги бөлүгү Орусия, Германия жана Францияга туш келет.

Орусияда бүгүн чекисттер күнү белгиленүүдө. Федералдык Коопсуздук кызматынын директору Николай Патрушев майрам алдында (жума күнү) журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, бир жыл ичинде бул орган жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып берди. «Айрым фактылардын үстүнөн жүргөн текшерүү көрсөткөндөй, коопсуздук кызматынын жетекчиси өз ийгилигин ашкере кооздоп айтканы бар», - деп жазат «Коммерсант» гезити.

Ушул эле темада кебин улаган «Газета» басылмасы Патрушевдин журналисттер менен буга чейин өткөргөн жолугушууларына кайрылып, акыркы эки жылда «Норд-Ост» темасынын айланасында сөз жандуу жүрүп келгендигин белгиледи. «Ал эми бул жолу да коопсуздукту коргоочулар чечен жикчилери, жанкечти аялдарды кармоо, дегеле, теракт уюштуруучуларынын үстүнөн жүргүзүлгөн иштен алыска кете алышпады» деп жазат «Газета».

Анткен менен, «Интерфакс» кабарлагандай, аталган кызмат өкүлдөрүнүн жемиштүү ишмердүүлүгүн эске алган орус өкмөтү аларга ушул жылы миңден ашуун наамдар менен ордендерди ыйгарган. Андан сырткары, Федералдык Коопсуздук Кызматы тарабынан быйылкы жылы чет мамлекеттик атайын кызматтардын 5 адиси, 37 агент кармалып, 14 адистин шпиондук иши ачылгандыгы тууралуу айтылат.
XS
SM
MD
LG