Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА ГАЗ БЕРҮҮГӨ МАКУЛ БОЛБОЙ ЖАТАТ


«Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыковдун ушул аптада Ташкенге жасаган сапары да натыйжа берген жок. Бул жолу да 2004-жылы газ сатып алуу боюнча «Узтрангаз» менен келишимге кол коюлган жок. «Кыргызгаздын» жетекчилигинин айтымында, эми газ маселеси өкмөт деңгээлинде чечилүүгө тийиш.

«Узтрансгаз» Кыргызстанга саткан газдын акысын толук нак акча түрүндө алууну каалап жатат. Ал эми кыргыз тарап келерки жылы да газ үчүн акыны быйылкыдай - 45% товар түрүндө, калганын акчалай төлөөнү каалап жатат. Мына ушундай пикир келишпестиктен 2004-жылда газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюлбай турат. «Эгерде келишимге кол коюлбаса, жаңы жылдан тартып өзбек тарап газ берүүнү токтотушу толук ыктымал» дейт Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Тайырбек Сарпашев:

- Биздин эл ага моралдык жактан даяр болуш керек.

Эгерде газ буулса Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо жагы кыйынчылыкка учурашы турган иш. Муну Бишкек жылуулук-электр борборунун (Бишкек ТЭЦи) башкы инженери Сергей Бочков мындай түшүндүрөт:

- Кокус газ болбой калса көмүр күйбөй калат. Көмүр күйбөсө жылуулук кайдан болсун?! Газдын ордуна жагылчу мазут да абдан аз.
«Кыргызгаздын» жетекчисинин орун басары Кубанычбек Жусуповдун айтымында, Автандил Сыдыковдун аракети ийгилик алып келбегендиктен, эми газ боюнча сүйлөшүүгө өкмөт киришмекчи:

- Газ маселесин оң жагына чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп, биздин өкмөт Өзбекстандын өкмөт башчысына кат жолдогону атат.

Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «өзбек тарап газды өчүрбөйт, анткени Өзбекстандын премьер-министри Уткир Султанов ошондой убада берген» деп айткан эле. Бирок Танаевдин сөзүнөн кийин көп узабай эле Уткир Султанов кызматтан алынып, анын ордуна Самарканд облусунун акими Шавкат Мирзияев дайындалды. Эми Уткир Султанов берген убаданы Шавкат Мирзияев аткарабы же жокпу – ал белгисиз.

Депутат Тайырбек Сарпашевдин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы энергетика маселелери буга чейин саясий жол менен чечилип келген:

- Газ, электр энергиясы маселелери эки мамлекеттин ортосунда экономикалык эмес, саясий алкакта чечилип келатат. Ал эми мындай шартта бир тарап экинчи тарапка басым жасап, өз ыңгайына тартууга аракет көп болот.

Эгер өзбек тарап өзүнүкүнөн кайтпаса, январь айында карызды Бишкек нак акча менен төлөөгө мажбур болот. Бирок, бул абалдан чыгуунун да жолдору жок эмес.

- Биринчиден, дипломатиялык сүйлөшүүлөр керек, - деп сөзүн улантты Тайырбек Сарпашев. - Экинчиден «Кыргызгазды» реформалап, аны элден акча жыйноого, демек, төлөөгө жөндөмдүү ишкана кылып түзүү зарыл. Үчүнчүдөн, суу-энергетика маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө жумшактык кылып жатабыз. Андан сырткары да бул маселени узак мөөнөткө чечүүнүн механизмин тапканыбыз оң.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов 19-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө, кыргыз-өзбек мамилесинде чечилчү бир катар татаал маселелер бар экенин билдирди. Бишкек менен Ташкен ортосунда чегараны делимитациялоодон башка, өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуулар да көптөн бери өтө элек. Кээ бир эксперттердин пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы мындай татаалдашкан маселелерди президенттердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр менен чечүүгө болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG