Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Ысыккөл мамлекеттик университетинде Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына арналган жыйын болду


КАРАКОЛ. Илимий жыйында Ысыккөл өрөөнүндөгү археологиялык табылгалар тууралуу жаңы материалдар кабарланды. Саякатчылар Пржевальский менен Семён-Тяньшанский тууралуу докладдар окулду. Ысыккөл университетине Кыргыз улуттук илимдер академиясы кыргыз тарыхында орду бар Барсбек, Курманжан датка, Атаке баатыр, Исхак Раззаков жана Абдыкерим Сыдыковго байланыштуу илимий китептерди тапшырды. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү болсо орус - кыргыз мамилелеринин тарыхый өнүгүшү боюнча илимий китептерди белек кылды. Мындан сырткары Орусиянын элчилиги Каракол шаарындагы тарыхый аймактаануу музейин оңдоого 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө колдоо көрсөтүүгө убадасын берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG