Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Эсеп-кысап аппараттарын коюу демилгесинин токтотулгандыгы жөнүндөгү маалыматты каржы министрлиги төгүндөдү


БИШКЕК. «Бишкектин «Дордой» базарына эсеп-кысап машиналарын орнотуу тууралуу чечимин өкмөт жокко чыгарды деген маалымат туура эмес». Мындай пикирин жума күнү Каржы министрлигинин Кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, Бишкек мэриясында бул маселени бир жаңсыл чечүү максатында атайын комиссия түзүлүүдө. Анын курамына өкмөттүн, парламенттин, базарлардын өкүлдөрү кирип, соода жүргүзүүгө укук берүүчү патенттин наркын талкуулашат. Ал иш эсеп-кысап аппараттарын орнотууга байланыштуу талаш-тартыштын чечилишине көмөктөшүүсү ыктымал. Бул маселе өткөн аптада парламенттик угууда талкууланып, анын негизинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын Салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча комитети өкмөттүн аракетин мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми өкмөттүн Экономика-каржы бөлүмүнүн башчысы Токтобек Акматов 1-январдан баштап сооданын жаңы тартиби киргизилээрин парламенттик угууда билдирген. Бүгүн А.Касымалиевдин айтымында, бул маселе келээрки аптада бир жаңсыл чечилиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG