Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Мыйзам чыгаруу жыйыны Юстиция министрлигин текшерет


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитети - Адам укугун коргоо, Коомдук бирикмелер жана маалымат саясаты иштери жана Сот-укук жана мыйзамдуулук комитеттери жакынкы күндөрдө Юстиция министрлигинин ишмердүүлүгүн текшеришет. «Мындай чечим аталган үч комитеттин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынды», - деп маалымдады Сот-укук жана мыйзамдуулук комитетинин башчысы Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, депутаттык топ Юстиция министрлигиндеги юридикалык жана жеке тараптардын каттоодон өткөрүлүшүн, түрмөдөгү атуулдардын укуктарынын сакталышын жана башка маселелерди текшеришет. «Депутаттык топтун мындай чечим кабыл алышына «Рентонгруп» ишканасынын жана Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин айланасындагы ызы-чуулар себеп болду. Конституциянын 61-беренесине ылайык Мыйзам чыгаруу жыйыны чыгарган мыйзамдардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу», - деп кошумчалады Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG