Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

ПЕРС БУЛУҢУНДА МАҢ ЗАТТАРЫ ЖҮКТӨЛГӨН ЭКИ КАЙЫК КАРМАЛДЫ


Кошмо Штаттарынын деңиз аскерлери ишемби күнү Арабия деңизинин түндүгүндө маң заттары жүктөлгөн эки кайыкты туткунга алышты. Америкалык аскерий жетекчиликтин маалымдашынча, аткезчи кайыктар террорчул “ал-Кайыда” уюмуна тийиштүү болушу мүмкүн жана эки кайыктын экипажы менен “ал-Кайыданын” байланышы иликтене баштады.

Кошмо Штаттарынын “Philippine Sea” крейсери эки кайыкты ишемби күнү таңга жуук туткунга алганга чейин, аларды Австралиянын, Британиянын жана АКШнын чалгынчы учактары 48 саат бою тынбай көзөмөлдөп жүрдү.
Жалгыз мамылуу эки кайык алгач бейшемби күнү Жаңы Зелландиянын суулардында байкоого алынган.

Биринчи кайыктан 67 килого жакын метамфетамин табылган. Анын баасы, Франс пресс агенттигинин маалыматы боюнча, маң заттарынын кара базарында 1, 5 миллион доллардан кем болбойт.
Ал эми качып кетүүгө аракет кылган экинчи кайыктан 200 чамалуу ак баштыкка салынган 38 килограмм таза героин табылды. Анын базар баасы 7,3 миллион долларга жетет.

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалымдашынча, эки кайыктын 21 мүчөсү азыр америкалык деңиз аскерлеринин абагында кармалып, сурак берүүдө.
“Биз “ал-Кайыданын” бул операцияга кандай байланышы бар экенин изилдеп жатабыз”, - деп билдирди америкалык адмирал Жим Ставридис.

Эки кайык кайсы өлкөгө таандык, алардын мүчөлөрү кайсы өлкөнүн букаралары-бул жөнүндө эч кандай маалымат берилбеди.

15-декабарь, дүйшөмбү күнү да америкалык аскерий кеме Перс булуңунда 1 тонна 800 кило гашиш жүктөлгөн жалгыз мамылуу кайыкты колго түшүргөн болчу.
Кайыктын 12 мүчөсүнүн тогузу койо берилип, үчөө ушу тушта АКШлык аскерлерге сурак беришүүдө. Алар 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарынын шаарларында болгон террордук жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган “ал-Кайыда” уюмунун мүчөсү деген шек бар.

Америкалык аскерий булактардын айтымында, апта башында кармалган кайыктын мүчөлөрү берген маалыматтын негизинде ишемби күнкү операция жүзөгө ашырылган.

Дүйшөмбү жана ишемби күндөрү кармалган маң заттары, чындап эле, “ал-Кайыдага” караштуу болсо, террорчул уюм азы 19 миллион доллар акчадан кол жууду.

Алгачкы сурак, АКШлык аскерий жетекчиликтин билдиргенине караганда, 15-декбардагы операция менен “ал-Кайыданын” түздөн-түз байланышы бар экенин көрсөткөн.

Адмирал Жим Ставридис билдиргенге караганда, “Аткезчи кайыктардын колго түшүрүлүшү - террорчулукту, маң заттарынын жана каруу жарак аткезчилигин токтотуу үчүн Перс булуңунда аскерий күзөттү улантуу зарыл экенин тастыктыктайт”.

Талдоочулардын пикиринче, эгерде маң аткезчилери менен “ал-Кайыданын” байланышы тастыкталса, Осама бен Ладендин уюмуна катуу сокку урулган болот.
Себеби, эксперттердин сөзүнчө, бин Ладендин ишмердүүлүгү жана ага тийиштиги бар деген банктар ортолук операциялардын үстүнөн да көзөмөл да күчтөлүгөндүктөн, “ал-Кайыда” акыркы мезгилде капчыгын маң заттарын сатуудан жана башка мыйзамсыз операциялардын эсебинен толтурууга өткөн.

XS
SM
MD
LG