Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Кичижаргылчактын тургундары Акыйкатчыга кайрылды


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районундагы Кичижаргылчак айылынын 2500 тургуну кол койгон кат Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна келди. Анда айтылган маалыматка караганда, Барскоон дарыясына 1998-жылы цианид төгүлгөндөн кийин эл арасында ооругандар көбөйгөн. Буга байланыштуу өкмөт айыл тургундарына 800 миң сом компенсация бөлүүгө убада кылып, бирок аны аткарган эмес. Ошондуктан айыл тургундары жардам сурап Акыйкатчыга кайрылган. Турсунбай Бакир уулу 19-декабрда «Кумтөр» алтын кенине барганда, Кичижаргылчак айлынын тургундары менен жолугушуп, алардын маселесин чечүүгө аракет жасаарын билдирген. Бул тууралуу Кыргызстан Акыйкатчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG