Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Жогорку Кеңештин төрагалары Конституциялык сотко кайрылышты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын төрагалары Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Конституциялык сотко жума күнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын жардамчысы Камчыбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Конституциялык сот эми үч айлык мөөнөттүн ичинде мыйзам долбоорун карап, өз тыянагын берүүгө тийиш. Жогорку Кеңештин эки палатасынын 75 депутаты Конституцияга партиялык тизме боюнча шайлоо тартибин киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактап, аны Конституциялык сотко берүү үчүн төрагаларга тапшырган эле. Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаевдин айтымында, Конституция референдум менен кабыл алынгандыктан, референдум аркылуу гана өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн.

XS
SM
MD
LG