Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

ПЕТЕРБУРГДАГЫ КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНЫН АХВАЛЫ


Азаттыктан кезекти "Турмуш белестери" радио-журналына беребиз. Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүнө назарыңыздарды бурабыз.

Орусиянын учу-кыйырсыз кең мейкиндигине жылдыздай чачылган жүз миңдеген кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү, чындап келгенде, бир-бирине коёндой окшош. Алардын бири – Мелис Азыктин башынан өткөргөн окуялар айтылганга айкын мисал. Мелис Санкт-Петербург шаарына келгенине бир жылдай болуп калды. Кесиби - курулушчу, заказ менен ремонт жасайт:

- Петербургга жумушсуздуктун айынан келдим, акча иштеп табайын деп. Өзүңөр деле билсеңер керек, Кыргызстанда жашоо, Россияга салыштырмалуу, аябай эле начар. Башында кичине кыйналдым. Азыр кичине акча таап, эптеп күн көрүп жатабыз.

Алыскы Петербургда Мелис Азык мыйзамдуу каттоодон өтүш үчүн шылуундарга алданып, иши сотко чейин жеткен:

- Бул жакка келгенде баары регистрациядан өтүшү керек. Мен тааныган туруктуу жашаган адамдар жок эле. Ошондуктан, газета аркылуу бир агенттикти тапкам. Ага барсам, жасалма документтерди жасап берип коюшуптур. Милициялар текшере келгенде "жасалма экен" деп айтып жатышты. Өзүмдү аныкташ үчүн ОВИРге (паспорттук каттоо бөлүмүнө) бардым, алар жасалма экен деп айтып беришти. Агенттикке арзан деп эки-үч жарым миң рубль (100 доллар) төлөгөм.


Мелиске тартип коргоочулар шаардан чыгууга тыйуу салып, дагы 30-40тай кыргыз менен чогуу анын иши сотко тапшырылат:

- Ишимди сотко ашырып, паспортумду алып алышты. Жашаган жериңен 1-форма, 2-форма деген документтерди толтуруп кел дешти. Жашаган жеримдин кожейкеси каза болуп калган, кызы Маскөөдө жашайт экен, ага бара алган жокмун. Ошентип, соттойбуз, депортациялайбыз дешти.

Соттор ондогон кыргызды мекенине кайтарышты, болгонун болгондой сүйлөп турган Мелиске боору оорудубу, айтор, ага 500 рубль айып салып, калтырып коюшту. Ошол бойдон регистрацияга туруп, иштеп жүрөт.

Петербургдагы коомдук "Кыргыз үй" уюмунун маалыматына ылайык, шаарда 300 чакты кыргыз туруктуу жашаса, кийинки жылдары дагы 500-600дөй киши Кыргызстандан жумуш издеп келип, Орусиянын түндүк байтактысынан баш баанек табышты. Кийин келгендердин көбү кара жумушта, анын ичинде курулушта иштеп, соода-сатык менен алектенишет.

Петербургда кыргыздардын саны бир миңге чукул экени чын болсо , бул Түркиядагы кыргыздардын санына жакындап барат. Бирок Петербургда эч кандай дипломатиялык өкүлчүлүк жок. Кыргыздар бир барса, жогоруда сөз болгон "Кыргыз Үйгө" барышат. Бирок Петербургдагы "Улуттар ак сарайы" жабылгандан бери, "Кыргыз Үй" үстүндө чатыры жок калган. Анын үстүнө бул коомдук уюмдун консулдук макамы же каражаты болбогон соң, кайрылгандарга көп жардам көрсөтө албайт.

"Кыргыз Үйдүн" негиздөөчүсү Диляра Камбарова Петербургда, кур дегенде, ардактуу консул дайындоону сунуш эткен, бирок бул сунуш кыргыз бийликтеринин колдоосун ала алган жок:

- Бизден эч ким мыйзамдарды ийне-жибине чейин билбейт. Ошондуктан, Санкт-Петербург сыяктуу чоң калаада ардактуу консул болушу керек. Кыргызстандын консулдук ачууга тыйыны жок. Ошондуктан жок дегенде ардактуу консул болсун. Биз бир жыл илгери Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин парламенттер аралык комиссиясынын мүчөсү, кыргызстандык мыйзамгер Павел Александрович Морозовду ардактуу консул кылып дайындагыла деп суранганбыз, Морозов макул болгон. Мен Кыргызстандын тышкы иштер министрилигине кат жазгам, бирок биздин сунушту колдошкон жок.

Ардактуу консул кандай жардам көрсөтө алат? Диляра Камбарова мындай дейт:

- Мунун бизге кереги жок, бирок жаңы келгендер өлбөстүн күнүн көрүп жашап жатышат, аларга бир үзүм нанга акча табыш керек. Эгерде ардактуу консул болсо, биз ага кайрылып турмакпыз, ал ким иш бере алаарын айта алмак, Кыргызстандын жана Орусиянын мыйзамдарын билмек. Биздин каалаганыбыз ушул эле – бизге ардактуу консул дайындап беришсин.

"Кыргыз Үйүнүн" башкармасы Макенбай Суратбаев да Петербургдагы мигрант кыргыздар Кыргызстан өкмөтүнүн колдоосуна муктаж экендигин билдирди:

- Кыргызстан менен азырынча байланыш жокко эсе. Байланыш болуш үчүн, Кыргызстандын өкмөтү, тышкы иштер министрлиги, же болбосо Кыргызстандагы "Ак Түн" уюмунун жетекчилиги бизге кыргыз деп, жардам берсин. Жок дегенде документация жагынан жардам берсе, жакшы болот эле.

Суратбаевдин сөзү боюнча, Петербургдагы кыргыз мигранттарынын негизги кыйынчылыгы чет элдик катары жашаган жеринде каттоодон өтүүгө байланышкан:

- Келген кыргыздарга катталуу (прописка) жактан кыйын болуп жатат. Көбү убактылуу каттоодон гана өтүшкөн. Кыргыздар бул жакка негизинен жумуш издеп келишет. Бул жагынан студенттерге жеңилирээк.

Макенбай Суратбаев Петербургда чейрек кылымдан бери жашайт, кесиби – курулушчу. Анын айтымында, бул шаардагы кыргыз мигранттарынын башына түшкөн кыйынчылыктардын арасында маданий ажырым да чоң тоскоолдуктардын бири:

- Кыргызстандан келген кыргыздар өздөрүн бир аз башкача сезишет. Кыргызстанда маданиятты окутпагандай, мектепте тарых сабагы өтүлбөгөндөй жүрүшөт. Адамга мамиле кылганды окутпаган, үй-бүлөдө тарбия начар болгон. Ошол жактан бир аз кыйналышат. Себеби, бул жерде тазалыкты кармоо керек; тамеки чексең, калдыгын туш келди ыргытпай, урнага ташташ керек; жолдо кетип бараткан жерде түкүрбөш керек; автобуста кетип атканда, аксакал адамга жай бошотуш керек. Бирөөнү түртүп кетсең, кечирим сураш керек. Ушул жагын бир аз карманган адамдар жакшы эле жашап кетет. Мен келген кыргыздарга ушул жагын бир аз үйрөнүшүн каалайм, үйрөнсө калганы бүт жакшы болот.

Ал эми биздин башкы каарманыбыз, тяншандык Мелис Азык дагы бир жолугушууну суранып келип, алакандай кагазга жазып алган ой-толгоосун мындайча окуп берди:

– Агылып келген кыргыз атуулдарын эске алганда, "түндүк байтакты" деп аталган Санкт-Петербургда 500-600 эмес, андан алда-канча көп кыргыздар болушу мүмкүн. Шаарда орус элин эске албаганда, КМШ курамындагы мамлекеттерден келген атуулдарга салыштырмалуу, бул жердеги кыргыздардын жашоо турмушу өтө эле начар. Жумуш издеп, акча табуу үчүн үмүт артып келген карапайым кыргыз жаштары адамдык укуктары тебеленип, тонолгону тонолуп, депортацияланып, көпчүлүгү эптеп күн көрүү үчүн бөтөн элге кул катары баш-оту менен малынган. Себеби, бул жердеги кыргыздарды бириктирип, Армения, Грузия, Азербайжан, Балтика жана башка өлкөлөрдөй, бөтөн жерде өз атуулдарынын укугун коргоп, өөрчүп-өнүгүшүнө, тилин жоготпоого шарт түзүп, аларды коргоп калчу уюмдары, консулдугу, мамлекеттик деңгээлде иш алып барчу адамдары жок.

Мелис – биздин каармандын өз аты эмес, айылдагылар укса болбойт го деп, чыныгы атын атабоону өтүндү.

Тектеш

XS
SM
MD
LG