Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

«Яблоко» Орусиядагы президенттик шайлоого катышпайт


Мындай чечим партиянын курултайында кабыл алынды. Анын себебин "Яблоконун" лидери Григорий Явлинский төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Көз карандысыз сот системасы, федералдык ,саясий мааниси бар , реалдуу түрдө иштеген массалык маалымат каражаттары, шайлоо кампаниясын эркин каржылоо мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта, саясий аттандаштык жана адилет, тең укуктуу шайлоо болбойт. Ушундан улам партия өз талапкерин көргөзбөйт.
14-мартка белгиленген шайлоого катышпасы ыктымал экенин оппозициядагы либералдык партиялардын экинчиси – Оңчул күчтөрдүн биримдиги да ишаара кылды. Партиянын соңку чечими келээрки аптада жарыяланмакчы. Аталган эки партия тең 7-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо талап кылынган 5%дык чекти багындыра албагандыктан, Мамлекеттик думага кирбей калышты.

XS
SM
MD
LG