Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Иракта кайрадан мунай куурлары жардырылды, Саддамдын соңунан жүздөгөн адам камакка алынды


АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Ричард Майерстин билдиргенине караганда, кармалгандардын арасында козголоңчулардын лидерлери деп шектелгендер да бар. Дегеле Саддамдын камалышы менен каршылык көрсөтүү кыймылынын структурасын жакшылап билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Америкалык жогорку даражалуу генерал, Саддам учурда тергөө менен кызматташпай жатканын да белгиледи.
Ирактын өзүндө болсо бүгүн Тикрит шаарынын жанынан төрт мунай куурунда өрт чыкты. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына караганда, алар белгисиз адамдар тарабынан жардырылган. Ирактын бийликтери башкалаа Багдаддын түштүк тарабынан да мунай сактоочу резервуар миномёттон аткыланганынын натыйжасында 10 миллион литр бензин жок болгонун билдиришти. Өлкөнүн мунай өнөр жайына караштуу объектилер жогорудагыдай диверсиялык чабуулдарга кабылып жаткандыктан, Ирак учурда күйүүчү майдын тартыштыгына туш болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG