Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Африкада кыргыз күүлөрү жаңырды


Кениянын Момбасо шаарында кечээ таланттуулардын жаңы мектебинин ачылышында кыргыз шайыры Нурланбек Нышанов концерт берди. Чыгыш африкалык өлкөнүн эң ири порт-шаарындагы мектеп Ага Хан корунун каржылоосу менен ачылды.
Кордун Борбор Азия боюнча улук кеңешчиси Теодор Леви «Азаттыкка» буларды билдирди:
- Нурланбек Нышанов Кениянын Момбаса шаарындагы таланттуулар борборунун ачылышына катышууда. Ага Хандын өнүктүрүү тармагы каржылаган мындай борборлорунун бири Кыргызстандын Ош шаарында да бар. Бул орто мектептерде таланттуу өспүрүмдөр жогорку деңгээлде билим алышат. Нурланбек Нышанов Кыргызстандын маданиятын таанытууга тандалып алынганы мени абдан кубандырат.
Африкалык мектептеги аземде Нышановдон тышкары индиялык белгилүү таблачы Сандип да оюн койду. Салтанатка кыргыз музыкасынын ышкыбозу Ага Хан өзү да катышты.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG