Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Ооганстан Кытайдын мусулман жикчилерине каршы күрөшүн колдойт


Ооганстандын тышкы иштер министринин маалымат катчысынын кабардашынча, Ооганстан Кытай менен бир катар уйгур жикчи топторуна каршы чогуу күрөшүүгө макулдашты. АФП агенттигинин кабардашынча, Омар Самад Кытайдын төрт уйгур уюшмасын "террористтик" топ деп атаганын билдирди.
Өткөн аптада Кытайдын бийликтери "төрт уюмдун экөө - Чыгыш Түркстандын Исламдык кыймылы жана Чыгыш Түркстандын Боштондук уюму «ал-Каиданын» жетекчиси Осама бин Ладенден миллиондогон доллар алган" деген билдирүү таркаткан эле. Бээжиндин ырастоосунда, бул уюшмалардын Кытайдан тышкары жактарда, анын ичинде Ооганстанда террористтерди машыктыруу лагерлери бар.
Арийне, укук коргоочу уюмдар Кытайды "терроризм коркунучуна жамынып алып, тынчтык жол менен нааразылык билдирген уйгурларды жазалап жатат" деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG