Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Ооганстанда улуттук Улуу жыйын президенттик системаны колдошу мүмкүн


Лоя Жырганын депутаттары өлкөнүн жаңы конституциясын талкуулап жатышат. Төрага Сибгатулла Мужадедди кабарчыларга өткөн аптада делегаттардын ар бири өз көз карашын билдирүүгө мүмкүндүк алып, көп жылыш жасашканын билдирди. Мужадедди курч маселелерде көпчүлүктүн көңүлү ким тарапта экендигин айткан жок.
Бирок мунун алдыңкы күнү АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Хализад президенттик система колдоого алынып жатканын айткан. Ал эми Балх провинциясынан шайланган Надера Хайат Бурхани делегаттар президенттик системага макул болушканын, бирок, конституциянын алгачкы долбооруна караганда, президенттин бийлик ыйгарымдары чектелүү экенин билдирди.
Өткөн түнү Ооганстандын баш калаасы ракета менен аткыланды. Эки ракетанын бири бир үйдү талкалап, эч ким жапа чеккен жок. Шейшембиде да Кабул үч ракета менен аткыланган эле, бирок бирөө да Лоя Жырга өтүп жаткан жерге түшкөн эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG