Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

«Алга, Кыргызстан» партиясы Жалалабад шаардык жана Сузак райондук бөлүмдөрүн түздү


ЖАЛАЛАБА. Облустун борборунда өткөн жыйында өлкөнүн биримдигине доо кетирүүчү иштерден элди сактоо керектиги белгиленди. Шайлоолорго активдүү катышып жергиликтүү бийликте жана Жогорку Кеңеште орун ээлеп, партиянын кадырын көтөрүү айтылды. Сүйлөгөндөр реформалар аягына чыкпай, кетирген кемчиликтер үчүн эч ким жооп бербей жаткандыгын жана Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясы өңдүү чоң уюмду түзүү тууралуу айтышты. 40ка жакын адамга партиялык билет тапшырылды. Шаарда жана Сузак районунда 9 адамдан турган бөлүмдөр уюштурулуп, облконференцияга он бештен делегат шайланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG