Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин жетекчилиги аксылыктардын нааразылыгына пикирин айтты


БИШКЕК. Бүгүн Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасынын орун басары Рыскелди Момбеков билдирүү таратты. Анда «Аксы районунун Каражыгач айылынын жашоочуларынын жана «Энелер кыймылы» комитетинин укук коргоочу Рамазан Дырылдаевди бийлик куугунтуктап жатат деп билдиргенине эч кандай негиз жок, ал кыргыз бийлигинен эмес, ак эмгеги үчүн маяналарын алдаткан кызматкерлеринен качып жүрөт» деп айтылат. Андан тышкары, Аксы окуясы убагында Рамазан Дырылдаев аксылыктардын укугун коргобой эле Австрияда жүргөндүгү, ага маалыматты комитетти азыр жетектеп жаткан укук коргоочулар берип тургандыгы билдирилет. Рыскелди Момбековдун пикири боюнча, азыркы комитет каттоого мыйзамсыз алынган болсо, Рамазан Дырылдаев Юстиция министрлигин сотко берүүгө укуктуу.
Бүгүн «Азаттыкка» белгилүү болгондой, Аксы районунун Койташ айылынын 321 тургуну чогулуш өткөрүп, Рамазан Дырылдаевди колдой тургандыктарын жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын Юстиция министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү демилгесине кошула тургандыктарын жарыя кылышты. Бул тууралуу Койташ айылдык кеңешинин депутаты Кубаныч Кубатбеков билдирди.

XS
SM
MD
LG