Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда кызматташуу боюнча маанилүү документтерге кол коюлду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин Иран Ислам Республикасына ырасмий сапары учурунда жети документке кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Ирандагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, эки мамлекет ортосунда соода багытында кызматташуу боюнча 3 документке, андан тышкары, укук маселелери боюнча кызматташуу келишимине, кызматтык паспорту бар атуулдарды визасыз каттоо жана маданият, курулуш багытында кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Президент Аскар Акаев 21-декабрда Ирандын президенти Мохаммад Хатами, өлкөнүн руханий лидери аятолла Хаменеи, Тышкы иштер министри Камал Харрази баштаган ырасмий өкүлдөр менен жолугушту. Бүгүн болсо кыргыз делегациясы байыркы Персиянын борбору Персеполдун чалдыбарын кезди. Ушул эле күнү кечинде кыргыз делегациясы Бишкекке кайтып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG