Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Кыргызстандын учагы Барнаулга аргасыздан конду


БИШКЕК. Жекшемби күнү Новосибирск-Бишкек аба каттамындагы «Кыргызстан аба жолдору» компаниясына караштуу «ТУ-134» учагы Орусиянын Барнаул шаарына аргасыздан конду. Буга учактын жүк салуучу бөлүгүндө түтүндүн чыгышы себеп болгон. Бул тууралуу «Кыргызстан аба жолдорунун» президентинин учуу коопсуздугу боюнча орун басары Владимир Еремин билдирди. Анын айтымында, учакта 50дөй жүргүнчү болгон, тилекке жараша, эч ким жабыркаган эмес. Окуя болгон жерде Орусия тараптын комиссиясы иликтөө жүргүзүүдө. Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинде түзүлгөн комиссия да ал жерде жакын арада иштемекчи. «Кыргызстан аба жолдорунун» учагы Новосибирск шаарына аптасына бир жолу каттайт.

XS
SM
MD
LG