Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

КЫРГЫЗСТАНДА МИГРАЦИЯЛЫК БАРАКЧАЛАР КИРГИЗИЛИШИ МҮМКҮН


Сапар Орозбаков, Бишкек Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков 2004-жылы Кыргызстанда чет өлкөдөн келген адамдар үчүн миграциялык баракчалар киргизилээрин айтууда.

Өкмөтбек Алмакүчүковдун маалыматы боюнча, азырынча бул - ал жетектеген комитеттин эле пикири болуп, өкмөттүн тиешелүү токтому чыга элек. Бирок декабрдын аягында же январдын башында өтө турган өкмөттүн алдындагы туризм боюнча координациялык кеңештин отурумунда бул маселе каралмакчы.

- Бул нормалдуу эле практика, - дейт Өкмөтбек Алмакүчүков - Орусия федерациясы, Казакстан деле ошондой саясат жүргүзүп жатышат. АКШ, Евробиримдик баштаган өлкөлөрдө деле миграциялык баракчалар бар. Анын жардамы менен тигил же бул өлкөгө келген туристтердин саны такталат. Биз башка жол көрбөй турабыз. Мен өкмөт мүчөсү катары миграциялык баракчалардын киргизилишин талап кылам.

Мындай чечимге келүүгө Улуттук статистикалык комитеттин өлкөгө келген туристтердин санын жана туризм тармагында өндүрүлгөн продукцияны так аныктай албаганы түрткү болгон. Улуттук статистикалык комитет быйыл өлкөгө 825 миң турист келди деп эсептейт. Ал эми Казакстандын чегара кызматынын маалыматы боюнча быйыл Кыргызстанды көздөй 3 миллионго жакын адам өткөн. Анын 1,5 миллиону чет өлкөлүк адамдар болгон. Өкмөтбек Алмакүчүков «Казакстандын чегара кызматынын маалыматы чындыкка жакын» дейт. Анткени Казакстанда миграциялык баракча иштейт, андыктан, алар туристтердин санын тагыраак аныктай алышат.

Биздин Улуттук статистикалык комитет каттодон өтүп, үзгүлтүксүз статистикалык отчет берген пансионат, эс алуу үйү өңдүү стационардык мекелерге келген гана туристтердин санын так аныктай алат. Ал эми өз алдынча келип, жеке адамдардын үйлөрүнө эс алгандардын санын так билалбайт. Алардын саны кошумча изилдөөлөрдүн жардамы менен, болжолдуу гана аныкталат.

Инвесторлордун жолундагы тоскоолдуктарды алып салуу тууралуу көп айтылып келет. Инвесторлор миграциялык баракчалардын киргилишин кандай кабыл алат болду экен? Биз бул тууралуу сурап президенттин чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына кайрылганыбызда, анын кызматкерлери аталган комитеттин сунушу менен тааныштыгы бар экендигин билдиришти:

- Миграциялык баракчалар адамдын келген-кеткенине эч кандай тоскоолдук кылбай, жалаң гана каттоо функциясын аткарышы зарыл.Ошондой болсо, мен ал инвесторлорго тоскоол болбойт деп ишенем, –деди катчылыктын талдоочусу Алмазбек Жакыпов.

Миграциялык баракчаларга туристтик операторлордун ассоцациясы да негизинен каршы эмес. Ал жердегилер «кайсы өлкөдөн канча адам кайсы мезгилде келгени жөнүндө маалымат биздин ишке да керек» дешти.

- Мындай маалымат мамлекет үчүн керек, - дейт аталган ассоцациянын төрагасы Мирали Мухамедзиев. - Аны аткарса болот. Ал кызык жана маанилүү маалымат берет. Бир эле нерсе - аша чаап кетүүдөн гана сактаныш керек. Эл миграциялык баракчаларды ала албай, аларды милиция кармап кыйналбаса эле болду.

Мирали Мухамедзиев миграциялык баракчалар көп эле өлкөлөрдө бар экенин, айрым өлкөлөрдө, мисалы, Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө маалымат жыйноочу функцияны гана аткарып, туристтерге эч кандай тоскоолдук кылбаганын, кээ бир өлкөлөрдө болсо миграциялык баракчалар укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан өз кызыкчылыгына пайдаланылып, ар кандай нааразычылыктарды жаратып жатканын белгилейт. «Кеп анын кандай түрдө киргизилишинде»,- деп кошумчалады Мирали Мухамедзиев.
XS
SM
MD
LG