Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Москванын Басман райондук соту Михаил Ходорковскийди абакта кармоо мөөнөтүн узартуу маселесин кароодо


"ЮКОС" мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси, олигарх Михаил Ходорковскийди абакта кармоо мөөнөтү 30-декабрда бүтөт. Бул мөөнөттү дагы үч айга узартуу өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылган. Орусиянын Кылмыш кодексинин жети беренеси боюнча, анын ичинде салык төлөөдөн качканы, көз боёмочулукка барганы үчүн айыпталып жаткан Ходорковски 25 – октябрдан бери камакта. Эгер коюлган айыптар сотто ырасталса, ал он жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Олигархтын жактоочуларынын ырастоосунда, анын иши саясий жүйөөдөн улам келип чыкты. Президент Путин баш болгон орус бийликтери жогорудагыдай ырастоону төгүндөп келүүдө.

XS
SM
MD
LG