Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Ливия өлкөнүн өзөктүк жайларына МАГАТЭ уюму инспекция жүргүзүшүнө макулдук берүүдө


Бул туралуу бүгүн МАГАТЭнин башчысы Мохамед эл–Барадейи төмөнкүлөрдү билдирди:
- Ливиянын бийликтери мени Кошумча протоколго кол коюуга даяр экенине ишендиришти. Биз бул чечимди кубаттайбыз.
МАГАТЭнин жетекчиси Ливиянын расмий адамдары менен ишембиде жолугушкан.
Мунун алдында Ливия өзөктүк жайыларына капыстан инспекция жүргүзүүгө уруксат берген документке кол коюуга даяр экенин өлкөнүн премьер- министри Шукри Ганем да айткан эле. Африканын мунайга бай бул өлкөсү өткөн жуму күнү өзүнүн массалык кыргын салуучу куралдар программаларын токтотоорун жарыялаган болчу. АКШ көптөгөн жылдар бою Ливияны террорчулукту колдогон өлкөлөрдүн тизмесине киргизип келген. Ливиянын эми Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин кошумча протоколуна кошулушу, АКШнын ага каршы киргизген санкцияларынын жоюулушуна алып барышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG