Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

ЛИВИЯ ӨЗӨКТҮК КУРАЛДАН БАШ ТАРТУУДА


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/8801C204-3283-4758-BC6F-2CAEED1548C7_w203.gif --> http://gdb.rferl.org/8801C204-3283-4758-BC6F-2CAEED1548C7_mw800_mh600.gif 19-декабрда Ливия өзүнүн кеңири кыруучу курал чыгаруу программаларынан баш тарткандан кийин, 22-декабрда өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин кошумча протоколуна да кол койду. Эми Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Ливияга өз инспекторлорун жибериши мүмкүн жана агенттиктин деректири Мохамед эл-Барадеи Ливияга жакын арада өзү текшерүү менен бара турганын билдирди.

Ливия жетекчиси Муамар Каддафинин айтымында, анын жашыра турган эч нерсеси жок жана текшерүүчүлөр качан келсе да, аларды кабыл алууга Ливия дайым даяр. Анткен менен Ливия жетекчилиги - 20 жылдан бери кеңири кыруучу курал өндүрүүгө аракеттенип келгенин да мойнуна алды жана андан баш тартканы тууралуу 19-декабрда кеңири жарыялады. Эксперттердин айтымында, АКШ, Британия жана Ливия ортосунда бул тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөр 9 айга уланган жана Ливиянын коопсуздук кызматынын башчысы Муса Кусса андай сүйлөшүү жүргүзүү өтүнүчү менен өзү биринчи Улуу Британия премьер-министри Тони Блэрге кайрылган.

Өзөктүк курал боюнча Бириккен Улуттар инспекторлорунун мурдагы башчысы Ханс Бликстин айтымында, Каддафинин мындай чечимине Ирактагы согуш катуу таасир кылгандай:

- Менин оюмча, Ирактагы окуяларды көрүп, Каддафи бир топ корккон болуш керек. Иран же Түндүк Кореяга каршы Америка Кошмо Штаттары анчалык чара көрө албаса дагы, Ливиянын корко тургандай себеби болсо керек.

Башка эксперттердин айтымында, биринчиден, жыйырма жылдан ашык эл аралык чектөө алдында жашаган Ливиянын экономикасы дээрлик кыйрандыга учурады жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн, Каддафинин башка айласы калган жок. Экинчи жагынан, өзүнүн кеңири кыргын салуучу курал өндүрүү программаларын токтотуу менен ал эми Израилдин да ошондой кылышын талап кылууга мүмкүнчүлүк алат. Израилдин өзөктүк куралы бар экени анык, бирок ал аны эч качан расмий түрдө тастыктаган эмес жана ал тууралуу эл аралык келишимдерге кошулбаган.

Ливия менен АКШ ортосундагы мамиле 1986-жылы бузулган. Берлин шаарындагы дискотекада жарылуу болуп, анда эки америкалык жаран курман болгондо, ал кездеги президент Роналд Рейган ал үчүн Ливияны күнөөлөп, 1986-жылы өлкөнүн борбору Триполи калаасын жана Бегази аттуу шаарды бомбалаган. Ошол эле жылы АКШ Ливияга каршы экономикалык чектөө жарыялаган, он жылдан кийин болсо - эгер кайсы бир европалык компания Ливия же Иран менен кызматташса, ал АКШ тарабынан жазаланат деген мыйзам кабыл алынган.

1988-жылдын 21-декабрында болсо Шотландиянын Локкерби шаарынын үстүндө америкалык учак жарылып, анын ичиндеги 259 адам жана учак кулап түшкөн жерде дагы 11 киши курман болгон. Батыш өлкөлөрү ал жардыруу үчүн дароо Ливиянын тыңчыларын күнөөлөп чыккан, Каддафи аны көпкө чейин четке кагып келген менен, кийин жардырууну уюштурган адамды кармап берген жана 2001-жылы ал соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин абакта отурууга кесилген. Үстүбүздөгү жылдын сентябрында болсо Каддафи курман болгондордун туугандарына ар бир өлгөн адам үчүн 10 миллион доллар кун төлөп берүүгө макул болду.

Байкоочулардын айтымында, Батыш өлкөлөрү менен тирешпестен, алардын көңүлүн алуу керек экени тууралуу Каддафи алгач 1989-жылы НАТОнун учактары Сербияны бомбалаганда ойлоно баштаган. Жана, Ханс Бликс айткандай, Ирактагы согуш - АКШнын тилин албагандар эмне болоорун Ливияга даана көрсөттү. Азыр эксперттер - Ливиянын өзөктүк программаларына мурда ким жардам көрсөтүп келген деген маселени караштырууда. Жети жүз чакырым алыстыкка уча ала турган ракеталарды Ливия Түндүк Кореядан алышы мүмкүн, уранды байытуу технологиясы болсо Пакистандан келгени ыктымал.
XS
SM
MD
LG