Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Москванын соту Ходорковскийдин баш коргоо чарасын дагы үч айга узартты


Дүйшөмбү күнү мамлекеттик айыптоочулар “Юкос” компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковскийди утурумдук абакта кармоо мөөнөтүн эмдиги жылдын 25-мартына чейин узартууну суранышкан эле. Адвокаттар соттун бүгүнкү чечимине даттана тургандыгын билдиришти, алар бүгүн сотто айыптоочулар ынанарлык жүйөөлөрдү келтире алышкан жок деп эсептешет. Сот мурда Ходорковскийди 30-декабрга чейин абакта кармаганга көрсөтмө берген эле.

XS
SM
MD
LG