Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Россияда менчиктештирүүнүн натыйжалары кайра каралбайт


Бирок мыйзам бузгандардын иши териштирилиши мүмкүн, деп билдирди орус президенти Владимир Путин бүгүн соода-өнөр жай палатасынын башкармалыгында өткөн жыйында сөз сүйлөп. Менчиктештирүү маалында мыйзам чегинде иш тутуу татаал болгондугун ырастап, Путин ошол эле учурда адал иштөөнү каалагандар мыйзамды сактоого жетишкенин да белгиледи. Өкмөт бизнесмендер жамааты менен кеңешип көрүп, мунайгаз компанияларынан ашыкча кирешелерди казынага кириштөө боюнча чечим кабыл алышы ыктымал. Мындан тышкары Путин ишкерлерди социалдык проблемаларды чечүүдө активдүү көмөктөшүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG