Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Медицина кызматкерлеринин кодекси кабыл алынат


БИШКЕК. Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери ушул күндөрү «Медициналык кызматкердин кодексининин» долбоорун талкуулап жатышат. Бул тууралуу бүгүн министрдин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди. Анын маалыматына караганда, кодекс беш бөлүктөн жана 19 беренеден турат. Анда медициналык кызматкер менен ноокастардын мамилесиндеги кесиптик ишмердиктин эрежелери менен жоболору камтылган. Кодекс калктын медицина кызматкерлерине нааразылыгын төмөндөтүү максатында кабыл алынганы жатат. Ушундан улам кодексте «медициналык кызматкер ноокастын абийири менен беделин сыйлоого, өзүнүн билимин жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланбоого милдеттүү» деп жазылган. Азыр Саламаттык сактоо министрлигинде этика боюнча 7 кишиден турган комиссия түзүлүп, анын тутумуна эки юрист киргизилди. Комиссия кесиптик ар кандай талаш-тартыштарды иликтөөгө милдеттендирилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG