Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Мамлекеттик жайларды ижарага берүү жакшы пайда бере баштады


БИШКЕК. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча комитет мамлекетке таандык имарат-жайларды ижарага берүүдөн былтыркыга караганда быйыл 4 эсе көп пайда тапты. Комитеттин басма сөз кызматкери Татьяна Наговицинанын айтымына караганда, былтыр ижара акысынан 632 миң сом түшсө, быйылкы 11 айда 15 миң 900 чарчы метр аянтты түзгөн жайлар ижарага берилип, казынага 3 млн. 167 миң сом түштү. Буга мамлекетке таандык жайларды ижарага берүү тууралуу былтыр кабыл алынган жаңы жобо өбөлгө түздү.

XS
SM
MD
LG