Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

ПАРЛАМЕНТ «МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМДЫ ТАЛКУУЛООГО КИРИШТИ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окулушунда талкуулай баштады. Биринчи окулушун депутаттар ноябрь ичинде карашканда. Анда президент Аскар Акаевдин жана депутат Бектур Асановдун демилгеси боюнча иштелип чыккан эки мыйзам долбоорун бириктирип, аны кайра карап чыгуу иши тиешелүү комитетке тапшырылган. Шейшембиде парламент долбоордун алгачкы төрт беренесин талкуулап, экөөнү кабыл алды.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын алгачкы долбоорун Мамлекеттик тил боюнча комиссия президенттин демилгеси менен 2000-жылы иштеп чыккан. Ошондон бери мыйзам долбоору ар кандай себептер менен кийинкиге калтырылып келатат. Акыркы жолу комиссия депутат Бектур Асанов иштеп чыккан долбоорду жана депутаттардын сунуштарын эске алып, кайра иштеп чыкты. Бүгүн мыйзамдын жалпы жоболору талкууланып, төрт берененин экөө өтпөй калды. Маселен, мыйзамдын үчүнчү беренеси улуту кыргыз атуулдарды мамлекеттик тилде сүйлөй жана жаза билүүгө милдеттендирет. Депутат Азимбек Бекназаров ага каршы чыгып, себебин минтип чечмеледи:
- Каршымын. Себеби, улутуна жараша мыйзам кабыл алынбайт. «Кыргыз улутуна милдеттүү, калган улуттарга милдеттүү эмес» деген мыйзам долбоорун мен колдобойм. Эгер жаза турган болсок, Кыргызстандын бардык атуулдарын милдеттендиришибиз керек. Эгер кыргыздын тилин өзүбүз үчүн өзүбүз үйрөнөлү деген мыйзам болсо, аны кабыл алып бериш керек. Ошондуктан, кабыл алып кажети жок. Себеби, экинчи беренени алып атканда, мамлекет тилдин колдонулушун көзөмөлдөйт деген сөздөн корктуңар. А кийинки беренеде кыргыз улуту гана милдеттүү деп берип атасыңар. 13-беренеде мамлекеттик кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл көлөмдөгү мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү деп даана жазылган. Жетет ошол. Ошондуктан, үчүнчү беренени алып салуу боюнча Кабай Карабековдун сунушун колдойм.

Депутат Өмүрбек Текебаев бул беренени мыйзамдын мамлекеттик кызматкерлерге байланышкан бабына киргизүүнү ылайык көрдү.

Талкуунун жүрүшүндө ар кыл өңүттө талаш жүрдү. Депутат Алымбай Султанов бул мыйзамды саясатташтырбай, принципиалдуу мамиле жасоону сунуштады.

- Ушу кыргыз тилин саясатка айландырбасак. Кыргыз тили кыргыздарга эле керек. Киргиздер мына бир нерсени айтымыш болду да, залды таштап кетип калды. Ошондуктан, принципиалдуу эле кабыл ала берсек.

Академик Бүбүйна Орузбаева депутаттарда мамлекеттик тилдин кызыкчылыгын коргогонго караганда, жасакерлик көп болуп атат дейт:

- Жасакерлик. Орус тилин же башка тилдерди мактап койсок эле бирөөнүн көзүнө көрүнөбүз деп атышат. Ал туура эмес да. Өзүнүн керт башын, карьерасын ойлоп атышат, элди ойлогон эч ким жок.

Мыйзамдын биринчи бөлүгүнүн 4-беренеси депутаттардын бүйүрүн кызытты. «Кыргыз тили мамлекеттик тил катары улут аралык катнаштын да тили болуп эсептелет» дегенди жактаган депутаттардын кайталап добуш берүү боюнча демилгесин депутат Зайнидин Курманов сынга алды.

«Орус тилдүү депутаттардын айрымдары кыргыз тилине тоскоолдук кылып атат» деп санаган депутат Өмүрбек Текебаев нааразылыгын минтип ортого салды:

- Добуш берүү керек. Статусу аныкталып атат. Зайнидин түшүнбөй атат. Мен өзбек, тажик, кыргыз катышкан чоң чогулуш өткөрсөм, (түштүктө бири да орусча билбейт, менден начар билишет), мен эмне үчүн орусча сүйлөшүм керек. Бул жердеги үч-төрт депутат түшүнбөй атат, өзүн эле көрүп атышат. Кыргыз тилине душман болбогула!!!

Кайталап добуш берүүгө кыйла депутаттардын катарында нааразылыгын депутат Кабай Карабеков да билдирди.

- Алевтина Павловна (Проненко) деле 1-беренеге кайра добуш берүүнү суранган. Ага эч ким көңүл бурган жок,- дейт Кабай Карабеков, - Ызы-чуу аркылуу көңүл бурдурса болот экен да. Эгер андай болсо бардыгына принципиалдуу мамиле кылалы. Болбосо бир учур бизге керек, экинчисинин кереги жок болуп атат. Маселен, Алевтина Павловна башка улутта болсо, демек, бизге кереги жок болот экен да! Бул - принципиалдуулук эмес.

Талаш-тартышка түшкөнү менен, «кыргыз тили мамлекеттик тил катары улут аралык катнаштын да тили болуп эсептелет» деген төртүнчү беренени жактагандар жетиштүү добуш топтой алган жок. Депутат Зайнидин Курмановдун ою боюнча, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуунун азыркы жолу жакшылыкка алып келбейт:

- Азыр бизге көрсөтүп аткан жол жакшылыкка алып барбайт. Маселени да чече албай калабыз. Элдин арасында чаң-тополоң жасап, бекер эле эмоцияга алдырабыз.

Депутаттын пикири боюнча, мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүш үчүн курулай административдик ыкманы колдонуу жарабайт. Тилдин ролун жогорулатыш үчүн олуттуу каражат керек. Андай каражатты өкмөт бөлгөн жери жок, - дейт ал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG