Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

КЫРГЫЗСТАНДА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЫРДААЛ ЖАКШЫРУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мамлекет башчысынын тыштан инвестиция тартуу боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаев бүгүн Бишкекте журналистерге маалымат жыйынын өткөрдү. Ал 2002-жылга салыштырганда быйыл четтен келген инвестициянын өлчөмү жогорулагандыгын белгилеп, инвестициялык кырдаалдын жакшырышын «Аскар Акаевдин жетекчилигинде жүргүзүлгөн саясаттын ийгилиги» деп баалады.

Жоомарт Оторбаевдин маалыматына караганда, соңку 9 айда чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын экономикасына тартылган инвестициянын өлчөмү өткөн жылга салыштырганда 28% жогорулаган. Маселен, өткөн жылы экономикага 62 млн. доллар инвестиция келсе, быйыл 77,5 млн доллар акча тартылган. Ошондой эле, Жоомарт Оторбаев өз сөзүндө мындай каражат экономиканын кайсыл тармактарына жумшалганын айтып өттү:

- Тогуз айдын аралыгында айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына 720 миң доллар келди. Биринчи жолу чет элдик инвесторлор жергиликтүү инвесторлордун артынан аталган тармакка өз акчасын салууда. Көбүнчө алар эт-сүт жана май-сыр чыгарууга кызыгышууда. Ошондой эле тоо-кен тармагына келген инвестициянын өлчөмү 9 айда 4 млн. 424 миң долларды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 28% жогорулады. Мындан сырткары курулуш, транспорт, финансы-кредит, саламаттыктыкты сактоо тармактарына тартылган инвестициянын өлчөмү жогорулады.

Жоомарт Оторбаев быйыл кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгендигине да токтолду:

- Өткөн жылга салыштырганда Канададан келген инвестия 50% жогорулап, 13 млн. 746 миң долларды түздү. Ошондой эле быйыл Италиядан 270 миң, Кытайдан 6 млн. 780 миң, Түркиядан 15 млн. 751 миң, ал эми Орусиядан 7 млн. 600 миң жана Казакстандан 8,5 млн. доллар инвестиция келди.

Президенттин өкүлүнүн айтымында, башка өлкөлөргө караганда үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын экономикасына Казакстандан эң көп инвестиция келген:

- Чет өлкөлөрдүн арасынан Казактандан келген инвестициянын өлчөмү өткөн жылга салыштырганда 4 эсеге жогорулады. Анткени казакстандыктар биздин экономикага акча салуудан коркпой калды, ошондой эле алар Кыргызстанда иш жасоого мүмкүн экендигин түшүнө башташты.

Андан аркы сөзүндө вице-премьер-министр барган сайын өлкөдө инвестициялык абал жакшырып бараткандыгын белгилеп, мындай көрүнүштү Аскар Акаев жүргүзгөн саясаттын ийгилиги катары баалады.

- Менин айтайын дегеним: мындай жакшы көрсөткүч Аскар Акаевдин жетекчилигинде жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясаттын туура экендигин көрсөтөт, - дейт Жоомарт Оторбаев, - 2001-жылдын июль айынан баштап өлкөдө мамлекеттик инвестициялык программа ишке ашырылууда. Анын негизинде өлкөдөгү инвестициялык кырдаалды жакшыртуу максатында бир катар иш-чаралар аткарылды. Тагыраак айтканда, ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча бардык укуктук негиздер кайрадан учур талабына ылайык өзгөртүлүүдө. Маселен, инвестициялык кырдаалдын жакшыртып, бул максатта ар кандай тоскоолдуктарды жоюу боюнча 50 мыйзам долбоору иштелип чыкты. Алардын отуз экиси Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG