Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

БРИТАНИЯЛЫК “ИЗ КУБАР - 2” МАРСКА КОНОТ


Британияда курулуган “Beagle –2” космостук кемеси 25-декабрь күнү Марс планетасына конот деп болжолдонууда. Кеменин “кызыл” планетага ийгиликтүү конуусу Британия жана Европанын космостук агенттиги үчүн өтө маанилүү. Анткени, Британия мурдакы Советтер Союзу жана АКШдан кийинки бөлөк планетага космостук кемесин кондурган үчүнчү өлкө болот.

“Beagle –2”, кыргызча айтканда, “Из кубар –2” кемеси ушу тушта кызыл планета деп аталган Марсты көздөй саатына 19 миң чакырым ылдамдык менен учуп барат.
Диаметри бир метрге жетпеген металл капсулдун салмагы 70 килого жетпейт.
Британиялыктар аны атактуу мекендеши Чарлз Дарвиндин кемесиндей “Из кубар” деп аташкан.

Күтүүсүз окуялар болбосо, британиялык кеме бейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат сегизде парашютка байланган кеме Марстын бетине конушу лаазим.

Европанын космостук агенттигинин Марсты өздөштүрүүдөгү биринчи миссиясынын алкагында учурулган “Из кубарды” 19-декабарга чейин алты ай бою “Марс Экспресс” деп аталган кеме тартып жүрүп, анан бөлүнүп калды. Алты айда “Марс Экспресс” 400 миллион чакырым жол басты.

Британиянын улуттук космостук борборунун башкы директору Колин Хик “Из кубар” Марстын атмосферасына киргенде болчу тоскоолдуктар тууралуу мындай дейт:

- Бизде азыр “Beagle –2” менен байланышыбыз жок. Ал бизге эч кандай сигнал жөнөтө албайт. Бул нервди чыңалткан өтө тынчы жок мезгил. Кеме атмосфера аркылуу өтүүдө. Анын ысыктан коргоочу сырт кабы өтө жакшы иштеши шарт. Парашют да, капсул салынган аба баштыгы да өтө жакшы иштеши абзел. Ал Марстын бетине сынбай конуш керек. Андан кийин кеме ачыкка чыгып, күн капталдарын жаят да, батареяларына кубат топтоп, жерге сигнал бере баштайт. Ага чейин биз кемеден эч нерсени уга албайбыз.

“Из кубар” жерге жөнөткөн биринчи сигнал “Blur” деген британиялык рок-группанын музыкалык радиочакырыгы болот. Чакыркыты алгачкы болуп учууга техникалык жактан байкоо салып отурган америкалык адистер угушат.

Тетик-жабдууларынын 90 проценти Британия ишканаларында жасалган кеме Марста метан газы бар же жок экенин аныктоого жарамдуу приборлор менен камсыздалган.

“Из кубар” Марстын бетин изилдөөдө “Марс Экспресс” орбитадан жөнөткөн картаны пайдаланат жана кыртышта суу же муз бар экенин билүү үчүн радардык технологияны колдонот.

Британиянын космостук коомунун "Spaceflight" журналынын редактору Клив Симпсон британиялык окумуштуулардын эмгегин жогору баалады.

- Ырасын айтканда, “Beagle –2” кемесин жасоого британдарга таандык көктүгү жана чеберчилиги менен Британиянын ачык университетинин профессору Колин Пиллингер зор салым кошту. Ал долбоордун биринчи күнү- идея кезинен тартып каражат чогултууда, өтө чакан, абадан жупуну, аябай жеңил, келечекте Марсты изилдөөгө мүмкүнчүлүгү чоң кеменин бардык тетиктерин жыйноого чейин өжөрлөнө иштеди.

“Из кубар – 2” кемесинен мурда быйыл январда Марска америкалыктардын робот башкарчу эки көчмө станциясы "Spirit" жана "Opportunity" барып конгон. Ал эми япондор учурган кеме ара жолдо калган.

Марска учуп жетүү өтө татаал жана машакаттуу иш. Ага учурулган 32 миссиянын тогузу гана ийгиликтүү болгон.

Адистердин айтымында, Марста жашоо бар экени ырасталса, жакынкы 15 жылда кызыл планетага адам башкарган кеме барып конорунан шек жок.
XS
SM
MD
LG