Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Ооганстанда талип согушчандары туткундап алган индиялык эки инженер бошотулду


Бул тууралуу Ооганстандын ички иштер министри Али Ахмад Жалали жарыялады:
"Өкмөттүн өкүлдөрү ошол аймактын аксакалдары жана жергиликтүү лидерлер аркылуу өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин индиялык эки инженерди кармап алган адамдар аларды эч кандай шартсыз бошотууга макул болушту".
Забул провинциясындагы автожолду кайра куруу иштерине контракт боюнча тартылган индиялык инженерлер 6-декабрь күнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткени кабарланган.

XS
SM
MD
LG